Батукаевдин сотунда Атамбаев эмне үчүн келгиси келбейт?

Мезгил

Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кезектеги териштирүү уланууда. Анда прокуратура өкүлдөрү бул иш боюнча айыпталып жаткандардын «башкы көзүрү» мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жарыш сөзгө катыштырууну соттон өтүнүштү. Бул боюнча Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев маалымдоодо. Анын айтуусунда, прокуратура Атамбаевдин акыркы сөз айтышын да талап кылган. Адвокаттар да бул өтүнүчкө каршы болушкан жок.

«Айыпталып жаткан адам жарыш сөзгө чыгып, акыркы сөзүн сүйлөөгө укуктуу. Ошондуктан, биз да макул болдук. Сот УКМКдан Алмазбек Атамбаевди жараянга алып келүүсүн талап кылды. Бирок Алмазбек Атамбаев өзү бул ишти буйрутма деп эсептейт. Анын аягы кандай бүтөрүнөн да кабардар экенин айтып, сотко катышпай турганын билдирген” – деди адвокат.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланышкан сот отуруму ар жуманын шейшемби күнү өтүп жатат.

Анын мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтене баштаган. Иш сотко ошол жылдын октябрында өтүп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 кишиге айып тагылган. Бирок, ошол убакыттан бери Атамбаев Батукаевтин бошотулушуна байланыштуу ИИМдин да, фемида өкүлдөрүнүн да сурагына жооп бермей тургай тоготуп да койбой, процесске катышууга караманча каршы чыгып, өз билгенин бербей келүүдө.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *