Баягы Данияр Үсөнов эми Белоруссияны сызга отургузабы?

    Мезгил

Кыргызга Данияр Үсөнов деген ысым Акаевдин учурунан бери белгилүү. Ошол кезде Өкмөт башчы болгон Апас Жумагуловдун тилин таап, «Эридан» деген көп тармактуу фирма ачып, кийин бийлик бутактарында кызматтарда иштеп, парламентте депутат да болуп, заматта асмандан түшкөндөй байга айланып чыга келет. Бийлик алмашып, Бакиев президент болуп турганда бул кишинин да ичи-койнуна кирип, эбин таап Өкмөт башчылыкка жетет. Бакиевдин түбүнө жеткендердин бири ушул Данияр Үсөнов деп айтып жүрүшөт. Анткени анын тушунда электр төлөмү жана мобилдик байланыштарга болгон төлөм котөрүлгөндүгү элдик толкундоолорго себеп болгон. Анын хан таажы кийип, ханга айланып, туулган күнүн опера-балет театырынын имаратында белгилегени, таштанды полигонун иштетүүгө кызыкдар инвесторлордон да үлүш үмүт эткендиги, иши кылса толтура коррупциялык иштерге тиешеси болгондугу тууралуу түгөнбөгөн аңыздар айтылып келет.

Ошол Данияр Үсөнов Бакиевдердин этегине эрмешип Беларус жергесине барган. Аты-жөнүн Даниил Урицикий кылып өзгөртүп, өзү жөнүндө «Данияр Үсөнов деген Малайзияда өлгөн» деп айтып жүрөт. Даниил болуп кубулган биздин Данияр Белорусияда да шүк жүрбөй, эски адаты кармап, мамлкекеттин казынасына кол салып жатыптыр.

Бул тууралуу «Кошт Урада» деген белорусиялык портал биздин каарманга тиешелүү болгон «БНБК» ЖАКсы бюджеттен акча чыгарып кетип жатат деп жазып чыкты. «БНБК» ЖАКнын 25% үлүшү Белоруссия мамлекетине, 20% «CITIC International Investments Ltd» деп аталган кытайлык компанияга, калгандары дагы бир кытайлык, орусиялык, шотландиялык, эмираттык компанияларга тиешелүү болуп саналат. Бирок акциянын басымдуу бөлүгү чет элдик компанияларга катталган менен биздин Данияр Үсөнөв эле ээлик кылат дешет.

«2016-2032-жылдарга карата жогорку технологиядагы агро өнөр жай өндүрүшүнүн толук циклы» долбоорун «БНБК» компаниясы ишке ашырыш керектигине карабастан, ал Кытайдын Эксимбанкынан алынган жеңилдетилген кредиттин эсебинен каржыланып келет. Кытайдын Эксимбанкынын жомогу менен кыргыздар Бишкек ЖЭБин насыялоо боюнча жакшы таанышпыз. Белоруссияга берилген Эксимбанктын 628 миллион $ насыясын төлөө жагы Белорус Финансы министрлигине сырткы карыздарды жабуу эсебинен жүргүзүү жагы тапшырылган. Анткени долбоор коммерциялык жактан пайдасыз болгондуктан кытайлар мамлекеттик кепилдик аркылуу компанияга кредит берүүдөн баш тарткан. Качан гана Белорус Өкмөтү насыяны бюджеттик эсептен төлөп берүү кепилдигин моюнга алган учурда гана насыя берилген. Ошол эле мезгилде долбоорду ишке ашыруу жана каражатты максаттуу пайдалануу, убагында насыяны төлөө жагы ишкана жетекчиси Даниил Урицкийге жүктөлгөн деп жазат басылма. Биздин тилде айтканда карышкырга кой кайтартып коюшкан.

Ошондой эле «БНБК» компаниясы пайда таба элек жатып олчойгон дебютордук карыздары бар экендиги байкалган. Демек акчаны булар бир жакка которуп жатышат. Офшордук зонага эле которулбаса экен. Кытайлыктар өз компанияларын өздөрү каржылап, муну легалдуу түрдө ишке ашырып, ал эми карызды белорус эли төлөгөнү жатат, деген пикирин билдирген изилдөө жүргүзгөндөр.

«БНБК» компаниясында 30 чакты кызматкер иштеп, анын ичинен 6 кишинин жогорку билими жок. 41-55 жаштагы жогорку акы алып иштеген кызматкерлердин сегизинин төртөө гана жогорку билимдүү. Компаниянын кызматкерлеринин орточо айлык акысы 26 миң $, бул өлкөдөгү орточо айлык акыдан 54 эсе жогору.

 Мына ошентип Белорус Финансы министрлиги Кытайдын экспорт-импорт Эксимбанкынан насыя алып, «БНБК» директору Данияр Үсөновдун, тоюс Даниил Урицкинин колуна «чынчылдыгы үчүн» ишенип кармата берет. Долбоор 2032-жылы гана аяктайт. Ага чейин насыяны финмин бюджеттин эсебинен жаап туруп, ал эми бюджетти «БНБК» ЖАКтын келечектеги тапкан ал белгисиз пайдасынан толтурууну пландашкан. Ал эми «БНБК» болсо долбоордун генералдык подрядчиги болгон кытайлык «CITIC Construction» компаниясына курулуш иштери үчүн алдынала төлөп, акча каражатын кайра Кытайга жиберип жатса керек.

Ошентип Даниил Урицкий болуп кубулуп, мекенин биротоло сатып кеткен Данияр Үсөновдун жаңы жомогу мына ушундай. Анын белоруссиялык долбоору ал 72ге чыкканда аяктайт экен.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *