Бажы кызматынын башчысы: Кытайдан эле күнүнө 150 автомашина келет

    Мезгил

Бажы кызматынын башчысы Алтынбек Торутаев Кытайдан күнүнө 150 автомашина келээрин айтты. Ал бул тууралуу бүгүн  кытай жараны Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отурумунда билдирди.

Ал  мурда 5-6 бажы кызматкери бир жүк ташуучу автомашинаны 4-5 саат текшерсе, азыр андагы товарлар атайын жабдуулар аркылуу дароо сканерленип алына турганын айтты.

«Мисалы, Кытайдан эле күнүнө 150 автомашина келет. Ошондон улам, кызматкерлер жетишчү эмес. Эми сканерленген жазуу документтер менен кошо 10 жылга чейин сакталат», – деп кошумчалады ал.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *