Бээнин сүтүн ичебиз деп кетип абалы оорлошкон. Коронавирустан дагы бир адам каза болду

   Мезгил

Кыргызстанда коронавирустан дагы бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйында билдирди. 

Көз жумган жаран — 55 жаштагы эркек киши убактылуу пайдаланууга берилген Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк ооруканасында дарыгерлердин көзөмөлүндө болчу.

«Ооруканага 7-июнда келип түшкөн. Эки тараптуу пневмония болгон. Ошол эле учурда дем алуу жетишсиздиги болгон. Дарылоо процесси жүрүп, дарылаганга карабастан күндөн-күнгө абалы оорлогон. Мурдагы оорулары күчөгөн, жүрөк оорусу да бар экен. 25-майдан бери бээнин сүтүн ичебиз деп кетип, ошол жактан абалы оорлогондон кийин дарыгерлерге кайрылган», – деди Н.Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус оорусу жуккандан кийин жалпы 32 адам каза болду.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *