Бейшенбек Бекешов: Дунгандын шору тилинде

      Мезгил

Бизден улуу муундагы кыргыздардын биринин оозунан да дунганды жаман деген сөз уккан эмеспиз. Тетирисинче, алардын ыймандуулугун, адамгерчилигин, мээнеткечтигин айтып мактап турушаар эле. Дунган тамыры жок кыргыз дээрлик болчу эмес. Себеби улуу муундагы дунгандар бири калбай кыргызча сүйлөөр эле.70-жылдардан тарта орток тил орус тили деген саясат иштеп, кыргыз тилин башка улуттар мындай турсун, кыргыздын өзү жерий баштаган заман келди.

Илим-билимге көп үзүлүп түшпөгөн дунган туугандарга бул оңдой берди болуп, кыргызча алакалашууну биротоло токтотту. Ошентип алар кыргыздан да, коңшу казактан да биринчи кезекте тили менен чыгып калды. Дунганга кеткен кыз-кыркыныбыз менен алардан тараган жээндерибиз салган солкулдак көпүрөнү эске албасак, биздеги дунгандар менен кыргыздардын мамилеси деле сыдыргыга салгандай жакшы деп айтуу мүмкүн эмес.

Ушуга карата кыргыздын миң жылдарды карыткан эл куроо, журт куроо усулу боюнча айтаар бир сөз бар. Бул тондуу уул деген кеменгер нарк, кынтыксыз эреже тууралуу сөз. Кыргыз өзүнүн жылаңач төрөлгөн баласын тонсуз уул, асырап алган баласын кийими менен келген тондуу уул деп тергеген. Тондууну өз баласынан артык көрүп баккан, тарбиялаган, энчи бөлгөндө өз баласына бергенден көп берген, биринчи ошону үйлөнткөн. Кыскасы, тондуу уулдун жолу бардык учурда улук болгон.

Бирок тондуу уул да өмүр бою “мунун теги башка да” деп айттыргыдай иш-аракет жасоого тийиш эмес болгон. Кыргыз уруу тайпаларынын ичиндеги тондуу уул институту да так ушундай принциптер менен иштеген. Мисалы, бугу уруу тайпасында кыргыздын дээрлик көпчүлүк урууларынын өкүлдөрү болгон. Ошолордун баары жалгыз бугунун ураанын чакырып, тайпанын гана кызыкчылыгы, ар-намысы менен жашаган. Кийинки мезгилдеги өз өкүлдөрүн башка уруулардын ичинен издеттирип, чогултуп, уруулардын курултай сөрөйлөрүнүн өткөрүлүшү, кыргыздын эл куроо, мамлекет куроо принциптерин талкалаган маңкурттуктан башка эч нерсе эмес.

Өзүбүз кантип биригүүнү билбесек башканы кантип боорго тартат элек.

Дунган туугандар да башында кыргыздын тондуу уул укугу менен эле жашап келишкен. Аягына чейин кыргыздын туусун көтөрүп, жаны бир болуп жашаганда устукандын улуусун алып, дайыма төрдө олтурмак да.

Эми болоору болду. Эсиң барда этекти жап дегендей, коңшулардын коогалаңынан биз да туура тыянак чыгарууга тийишпиз. Мамлекеттик башкарууга элибиздин миң жылдар менен сыналган эл куроо, журт куроо эрежелери кирмейин азыр биз туш-туш жагыбыздан батып турган бул сормо саздан эч убакта чыга албайбыз.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *