Bek Air авиа компаниясынын башчысы: Мекенибизде орун жок болсо, Кыргызстанга кетебиз

 Мезгил

2019-жылдын 27-декабрь күнү учак кырсыгына кабылган Bek Air авиа компаниясынын башчысы Нурлан Жумасултанов аталган авиа компаниянын   Казакстанда учууга тыюу салынышына   байланыштуу жооп берди. Ал мындай жагдайда башка мамлекетке кете тургандыгын айткан.

Анын айтымында авиа компаниясына өз мекенинде учууга уруксат берилбесе анда башка мамлекетке кызмат кылууга туура келет дейт.  

 “Эгерде өзүбүздүн мекенибизде кызмат кылууга орун жок болсо анда башка мамлекетке кетүүгө туура келет. Ал Кыргызстан же балким башка өлкөбү, айтор убакыт көрсөтөт” деди ал.   

Жумасултановдун  “За нами уже выехали” Youtube каналына берген  маегинде  ал баардыгын моюнга алууга даяр экендигин билдирди.

Анда кырсык болгон күнү  учактын бир бөлүгү жарактан чыккандыктан учак чайпалып барып жерге түшкөн. Ал эми 100 пайыз учак жер бетине конгон кезде гана коопсуздук чараларын сактоого мүмкүн боло тургандыгын айткан.

Ошондой эле Жумусултанов комиссиянын иликтөөсүндө авиа компания күнөөлү деп табылса, ким жазага тартыла турганлыгын да кошумчалады.  

“Мен сиздерге айтайын учкуч өз ишинжакшы аткарды. Эгер авиа компания күнөөлү болсо, өз жигиттеримдин камалышына жол бербейм. Алар үчүн өзүм отуруп, чыгам. Менин айланамдагылардын бирөө да камалбайт. Каза болгон учкучту да күнөөлөбөйбүз ал учакты болушунча жакшы башкарганга аракет кылды- деди.    

Эске салсак, 27-декабрда эртең мененки саат 7:22де Алматыдан Нур-Султанга багыт алган Bek Air авиа компаниясынын  №Z2100 каттамы абага көтөрүлүү кезинде бийиктиктен  башкаруусун жоготуп бетонду сүзүп эки  кабатуу курулушка кулап түшкөн.

Учак кырсыгынан 15 адам каза болуп калгандары ар кандай жараат алышкан.  Учактын ичинде 95 жүргүнчү  жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Ал эми буга чейин Bek Air авиа компаниясы Казакстанда иштөөгө убактылуу токтолулганы айталган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *