Бек Борбиев: Акыл менен логикалык, аналитикалык ой жүгүрткөн замандаштар өтө аз экен

   Мезгил

Кечээ, КРдин Эмгек сиңирген артисти, ырчы Бек Борбиев фейсбук баракчасына  “Бул жашоодо эч ким эч кимге жардам берүүгө милдеттүү эмес”, деген маанде пост жарыялап, коомчулуктун сынына кабылды.

Ал эми ырчы мындан улам  ал кайрадан “Акыл менен логикалык, аналитикалык ой жүгүрткөн замандаштар өтө аз экен” деген пикирин калтырды. 

    -Кечээги посттун башы оройбалким. Бирок дал ошол постун башы ачуу чындык! Ооба, мен дагы элмин. Бирок мен кээ бирөөгө окшоп «тигил бай эмнеге бизге жардам бербейт, бул миллионер эмнеге жардам берей олтурат» деп кыйкырган жокмун.

Кээ бири жардам берсе, бул арам акча, элдин акчасын кайра элге берип атат дегендер дагы жок эмес. Мына постун маңызы ушул жерде, ал акчасы бар неме бизге жардам бербей койсо деле болот, милдеттүү эмес. Бирок берген нерсени рахмат деп алып коюп, бербегенден фбны жаңыртып суранбай эле коелу деген пост. Тилеке каршы постун маанисин мындайча айтканда реактивдик акыл менен калчап, түшүнгөндөрдү окуп түңүлөсүн. Акыл менен логикалык, аналитикалык ой жүгүрткөн замандаштар өтө аз экен. Эч нерсе эмес, кеч болсо да түшүнөбүз. 

Ал эми милдет боюнча. Казанына келип эч ким нан салып бербейт, салып бериши мункун эгер ал кайрымдуулук кылгысы келсе, бирок ага ал милдеттүү эмес бербесе болот, өз эрки. Байбы же кедейби сага жардам берип жатса анын ыманынан, жүрөгүнөн деп алкыш айталы. А бербесе бер эле бер деп тооруган бул кыргыздын кулк мүнөзүндөгү жок нерсе. Башты бийик көтөрүп сабыр менен жеңиш керек.

Ал эми кээ бироо такыр эле Бек жардамга каршы деген пикирлер жүрөт. Адам болгон соң жакындарын, туугандарын, жоро жолдоштор менен жардам жөлөк таяк менен жашайсын, бул посто кеп ал жөнүндө эмес-дейт ырчы.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *