Бек Борбиев: “Азаттык” калпы менен жеңип, киши “өлтүргөн” АШАны аппак кылып актап жатат

Мезгил

Обончу Бек Борбиев социалдык тармак аркылуу өлкөдө болуп жаткан окуяларга байланыштуу төмөнкүдөй пикирин жазып калтырган:

“700 миллионго мынча завод, баланча ишкана курмакпыз дейт бүгүнкү акцияда. Күйгөнүңдөн күлөсүң. Ал акча биздин, мамлекеттин акчасы эмес! Орто Азиядагы базарчы жеке ишкерлердин каражаты. Түшүнүп анан кыйкыралы достор. Же бул элди атайын адаштыруу максатыбы? Кимдин максаты?

Жеке ишкер уйгур байларынын теневой банк менен иштеген системасын «иликтеп» алып, биздин өлкөнүн акчасы деп бурмалап, коогалаң жараткысы келип жаткан күчтөрдү көрүп, жакаңды кармайсың. Кыргыз элин караңгы деп эсептеп, чабыштырып коюп карап олтуралы дегендерге жол бербешибиз керек. Маалымат согушунда “Азаттык” калпы менен жеңип, киши өлтүргөн АШАны аппак кылып жатат. Ошондой эле ФБдагы трайбалисттер дагы акцияга аралашып жүргөнүн көрдүм.

Бул өкүнүчтүү! Мамлекет деген барбы өзү бизде? Бар болсо түшүндүрүү иштерин тез арада өткөрүү керек! Ал миллиондор өзбек, тажик, кыргыз, уйгур, кытай базарчыларынын каражаты экенин, АШАнын адам өлтүргөн айыбын элге айтуусу зарыл. Соцтармактагы ачыктан ачык трайбалисттик чакырууларды жазган фейктерге чара колдонгула! Болбосо өлкөбүздү дагы өрттөп алып, кийин бекер кылыптырбыз деп өкүнүп олтуруп калбайлы. Мындай апендичиликти кылганбыз, билебиз”, – деген обончу.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *