Бекболот Талгарбеков: Дыйкандар жердин, малдын ээси болушту, бирок акчанын ээси болушкан жок

Мезгил

Акыркы кезде коомчулук Бекболот Талгарбековду саясатчы катары таанып келишет. Бирок ал кишинин кезинде жер реформасынын башында тургандыгы тууралуу жаңы муун жакшы биле бербесе керек. Бул маегибизде Талгарбеков жер реформасынын артыкчылык жана кемчилик жактары, учурдагы айыл чарбасындагы өксүктөр, Чүйдөгү кооперативдер эмне себептен банкрот болгондугу, дыйкандар өндүргөн продукцияларын эмне себептен сата албай жаткандыгы, аны сатуу иштерин ким уюштурушу керектиги тууралуу айтып берди.

– Талгарбеков – жер реформасынын атасы дешет. Бүгүнкү күндөгү айыл чарбанын абалына кандай баа бере аласыз?

– 90-жылдары жер реформасы башталганда аны элдин 10 пайызы түшүнгөн. Бүгүн ошол кезде жер реформасын жасоо зарыл болгондугун 75 пайыздай эл түшүнүп калды десек болот. Учурунда агрардык реформа жүргүзүлбөгөндө бүгүнкү күндө эмне болорун бир кудай өзү билет болчу. Эл өзү менен өзү жашап жатат. Айыл эли өзүн-өзү багып калды. Албетте жер бөлүштүрүүдө кемчиликтер кеткен. Аны кемчиликсиз жасоо мүмкүн болбогон. Мен болгону 2 жылдай министрдин милдетин аткаруучу болуп иштедим. Кетирилген чоң кемчиликтердин бирин айтсам, биз жер бөлүштүрүүдө комунисттер эле деп жергиликтүү атка минерлерге чоң үмүт артканбыз. Тилекке каршы алардын өз көмөчүнө от тарткан учурлары көп болгон. Ошентип реформа аягына чыккан жок, уланып кетпеди.

Эми Кыргызстан менен башка өлкөлөрү салыштырып көрөлү. Түркмөнстан колхоз-совхоздорун сактап калган. Акыркы 2-3 жылда аларда ачарчылык болуп жатпайбы. 90-жылдары Акаев менен жер-жерлерге сапарга чыкканыбызда эл бизди тосуп алып, нан бергиле, ун бергиле деген учурлары болгон. Реформа эмене үчүн уланбай жатат? Дыйкандар кооперацияга кетиши керек болчу. Кооперация деген кооператив эмес, үрөн, жер семирткич менен өздөрүн камсыздай турган биригүү жөнүндө айтып жатам. Бул иш 20 жылдан бери жүргүзүлбөй турат.

Дагы бир айта турган маселе, айылдыктар жердин, малдын ээси болушту. Бирок акчанын ээси болушкан жок да. Ар бир айылда айыл банктар түзүлүп, ага кооперативдер ээлик кылса жакшы болмок.

– Облустарда менчиктештирүү түрдүү этап менен өткөн. Маселен, Чүй облусунда көптөгөн чарбалар, сарайлар сакталып калган. Бул жерде реформа чабал жүргүзүлдү беле?

– Чүйдө колхоз-совхоздорду, дыйкан чарбалардын биримдигин сактайбыз деп 80-90% банкрот болушту десем болот. Бизге түшкөн сунуш боюнча Чүй облусу реформага өз алдынча жол менен барып көрсүн дегенбиз. Чүйдө сонун жер, сонун жаратылыш, суу, сонун шарттар бар. Насыянын да көбү Чүй жергесинин дыйкандарына берилип турган. Бирок ага карбай кооперативдер банкрот болушту.

Айыл чарбасы таланып кетти деген сындар көп айтылат. А бүгүн жергебизге мал жандыгы батпай кетти го. Ал тургай алардын санынын улам өсүп жатышынан жайыттар деградацияга учурап жатат. Учурда малдын саны боюнча көйгөй жок. Көйгөй анын пародасында, оорусунда, сатууда гана болуп жатат.

– Бүгүн дыйкандарга өндүргөн азык-түлүгүн сатууга өкмөт шарт түзүп бербей жатат деген даттануулар көп.

– Мен буга кошулам. Дыйкан жер айдаганды, багбан дарак өстүргөндү, малчы мал баканды гана билет. Ал эми алар өндүргөн азык-түлүктү сатуу, жабдуу, экспортоо жагын өкмөт жасаш керек. А бүгүнкү күндө дыйкандар өндүргөн азык-түлүгүн кайра иштеткенден, экспорттогондон аксап жатышат. Анан эле мынча продукция өндүрдүк деп отчёт беришет. Аны өкмөт же бийлик өндүргөн жок да. Аны дыйкандар өндүрүп жатышат. А атка минерлер мурдагыдай эле эскиче отчёт берүү менен убара болушууда.

– Реформатор катары азыркыларга айта турган кебиңиз барбы?

– Айылда төрөлүп, айыл чарба адистиги боюнча билим алып, жогорку кызматтарда иштедим. Дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүнүн айыл-чарбасы тармагын жеринен изилдеп чыккам десем болот. Эгерде менин кеңешим же жардамым кимдир-бирөөгө, өлкөгө керек болсо аянбаймын.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *