Бекболот Талгарбеков:«Эгемен Кыргызстанды айыл эли багып, сактап келе жатат!»

Мезгил

– Бекболот байке, таажы вирусу көнүмүш турмушка башкача көз жүгүртүүгө мажбурлады. Сиз адис катары айыл чарба тармагы боюнча кандай жаңы жагдай көрдүңүз?

 – Эгемендик жылдары кыргыз экономикасынын негизги тармактары болуп энергетика, тоо-кен, айыл чарба, соода жана туризм эсептелип келе жатат. Бирок таажы вирустун айынан дүйнө өлкөлөрү жабык, обочолонгон экономикага өткөндө Кыргызстанды эки тармак гана туруктуу сактай турганын даана көрдүк. Алар – энергетика жана айыл чарбасы. Азыркы кризистик мезгил бул эки тармакта тең көйгөйлөр толтура экенин көрсөттү. Энергетика көйгөйүн эксперт Расул Үмбөталиев ачыктап берүүдө. Ал эми айыл чарбасына келсек, өлкөнүн соңку жылдардагы азык-түлүк импортуна көз карандылыгы карантин учурунда тыштан карыз суроого аргасыз кылды.

 – Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздук абалына токтолсоңуз?

 – Ал коопсуздук биринчи иретте калктын ун менен камсыз болуусу, анын мамрезервде сакталып туруусу менен камсыздалат. СССР мезгилинде биз «союздун койчусу» болчубуз да. Ошол себептен, Кыргыз ССРинде 500 миң тонна тегерегинде гана буудай өндүрүлчү. Жетишпеген көлөм, ун түрүндө Россия, Казак ССРинен келчү. Анан СССР кулады. Союздун дотациясы, уну да берилбей калды. Эгемен өлкөбүз ачарчылыкка каптелди. Эгиндин запасы түгөнүп, буудай унуна жүгөрү унун кошуп нан жасалып калган. Айылдыктар картошка, улпак жешип, машак терген учурлар болгон.

Анан «колхоз, совхоздор кан-жаныбыз, аларды бакканга дотация тапкыла!» – деп жер тепкилеген консерваторлор менен тиреш жүрдү. Акыры президенттин жарлыгы менен 1994-жылы жер жана агрардык реформа башталды. Айыл элинин эркиндикке, менчикке жаңы жолу ачылды. Эркин дыйкандар, албетте, биринчи кезекте буудай өндүрүүнү колго алышты жана жылдан жылга аны көбөйтө башташты. Төрт жылдан соң, 1998-жылы өлкөдө бир миллион эки жүз миң тонна буудай өндүрүлгөн. Анын 200 миң тоннасы ашык болуп, дыйкандар чыгым тартышкан. Анан, кийинки жылдары, керектүү бир миллион тоннанын айланасында буудай өндүрүүгө өтүшкөн.

Ошентип, башкы стратегиялык айыл чарба продукциясы менен элди камсыздоо маселеси чечилген. Анан эмне болду? Соңку 7-8 жылдары буудай өндүрүү жаатында мамлекет эркин дыйкандарга үч оор сокку урду.

Биринчиси, 2013-жылдан баштап бийлик Россиядан, Казакстандан буудайды карызга алганга өтүп алган. Экинчиси, 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары буудайдын импортунан алынчу НДС салыгын жоюп салышты.

Бул чечимдин таасири кандай болду? Мамлекеттин ири дотациясында олтурган орус, казак буудай өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттен бир сом дотация албаган кыргыз буудай өндүрүүчүлөрү теңтайлаша албай калышты. Кыргыз ун рыногунда орус, казактар үстөмдүккө өтүштү. Үчүнчүсү, өндүрүлгөн буудайды мамлекеттик сатып алуу чырмалган коррупцияга бөлөндү.

Натыйжада, дыйкандар үчүн буудай өндүрүү зарыл киреше бербей калды. Акыркы беш-алты жылда буудайды 600 миң тоннадан, б.а. оор мезгил болгон 1998-жылга салыштырмалуу эки эсе (!) аз өндүрүп калдык. Өлкөнүн керектөөсүнүн дээрлик жарымы импортко көз карандылыкка өттү. Учурда азык-түлүк коопсуздугу коркунуч абалда. Карантинде казактардан
гумжардамга ун сурап шерменде болдук.

 – Соңку жылдары калкыбыз үчүн картошка «экинчи нан» болуп калды. Өлкөнү азык-түлүк коопсуздугу үчүн бул продукцияга да өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы барбы?

 – Ооба. Эске салсак, СССР учурунда Кыргыз ССРинде жылына 300 миң тонна тегерегинде картошка өндүрүлчү. Аны жыйноого он миңдеген студенттер тартылчу. Түшүмдүн 20 пайызы чирип кетээр эле. Эми эмне болду? Мамлекеттен бир сом албаган азыркы эркин дыйкандар эки жыл мурда өкмөткө ишенип, бир миллион 500 миң тонна (союз мезгилинен беш эсе көп) картошка өндүрүштү. Бир студент түшүм жыйноого тартылбады.

Чириген бир тоголок картошка жок. Ошол кездеги айыл чарба министри «Өзбекстан менен 500 миң тонна картошка сатууга келишим түздүк» деп алдын-ала айткан. Күзүндө өзбектер картошканын импортуна тыйуу салышты. Эгер Сталин тирүү болгондо андай министрди аттырып салмак. Биздин министр сөгүш да алган жок. Дыйкандар сыздап-боздоп кала беришти.

 – Мал чарба тармагынын абалы кандай? «Союз маалында 12 миллион кой бар эле» дегендер бар…

 – Ал демагогдордун жомогу. Кой-эчкилердин эң көп катталган саны 1990-жылы болгон (он миллион 483 миң). Эске салсак, Кыргыз ССРи уяң жүн өндүрүүгө багытталган меринос породасындагы ак койду багууга адистешкен болчу. Кыркылган жүн алгачкы иштетүүлөрдөн кийин Россияга текстиль комбинаттарына жөнөтүлчү. СССРди оор кризис каптаганда Кыргыз ССРинен 1990-91-жылдары Иваново шаарына жөнөтүлгөн жүндүн акчасы келген эмес. Ал жердеги комбинат банкрот болуптур. Ошентип, киреше булагы кан буугандай токтогон. Эгемен Кыргызстанда ак кой багуу зор чыгашалуу тармакка айланган. Бир ак койдун базар баасы 1992-жылы бир миң рубль, ал эми аны колхоз-совхоздордо багуу жылына төрт миң рублге туруп калды. Муну азыркы демогогдорго миллион жолу айтсаң да түшүндүрө албайсың. Аргасыздан асыл-тукум мал өстүрүүчү чарбалар мамлекеттин карамагында дотацияга калтырылып, колхоз-совхоздордогу калган мал элге менчикке берилген. Айыл тургундары аны ар кандай колдонушту. Эмгекчили менчикке алган малды сактап, көбөйттү.

Жакырланганы (алардын саны агезде абдан көбөйгөн) колго тийген малды сатып, үй-бүлөсүн бакты. Жатып ичээри аракка айырбаштады. Бирок эч кимиси «эмне үчүн мага энчим, үлүшүм берилбеди?» деген доомат коё албайт. Жаңы эркин кыргыз дыйкандары жылдан-жылга малдын башын көбөйтүп келе жатышат. Кыргыз ССР учуруна салыштырсак, учурда кара мал 20, жылкы 40 пайызга көп. СССРде 42 миллион баш уй болгон.

Элестетсеңиз, учурда постсоветтик он беш өлкөдө ал 50 пайызга аз экен! Ал эми эгемен кыргыз айыл эли уй башын, тескерисинче, 30 пайызга көбөйтүптүр. Сүт өндүрүүнү карап көрөлү. Союздун ири дотациясында олтурган Кыргыз ССРинин колхоз-совхоздору 1985-90-жылдары орто эсеп менен жылына 1 млн 71 миң тонна сүт өндүрүшкөн. Ал эми дотация түшүнө да кирбеген жаңы кыргыз дыйкандары өткөн 2019-жылы 1 млн 600 миң тонна сүт өндүрүштү (союз мезгилинен 30 пайызга көп). Кой-эчкилердин саны 90-жылдары 4 миллионго чейин азайган. Бирок эркин дыйкандар кайра көбөйтө баштап, учурда алардын башы 6 миллион 267 миңге жетти. Соңку жылдары жайыттар талашка түшүп калды. Демек, өлкөдө учурда малдын башын көбөйтүү проблема эмес. Көйгөй – малдын породасын жакшыртуу, ветеринардык кызматты чыңдоо, жайыттарды сактоодо.

– Демек, өлкөдө натыйжалуу агрардык саясат жүргүзүлсө, анда айыл элибизде учурда өндүрүш потенциалы көп экен да?

– Зор потенциал бар. Эгерде мамлекет прогрессивдүү агрардык саясатка өтсө, анда айыл чарбасы жаңы бийиктикке чыгат эле. Биздин көп айыл чарба продукциябызды экспорттосо болот. Баткендин өрүгү, жер-жемиши, Көлдүн алма, абрикос, чесногу, Токтогулдун балы, Таластын төө буурчагы, Арстанбаптын жаңгагы, мистеси, Нарындын мал эти, картошкасы, Оштун пахта, тамекиси, Чүйдүн сүтү, кызылчасы, жер-жемиши, айтор, кыргыз бренди боло турган продукция жетишээрлик. Аларды таза экологиялык азык- түлүк катары да, алдыңкы технологиялык кайра иштетүүдөн өткөн продукт катары да экспорттоону өнүктүрүү зарыл.

 – Сиз менен маекке даярданып, бир фактыга туш болдум. Эгемен Кыргызстанда айыл чарба министрлигин 24 (жыйырма төрт) адам жетектептир. Сегизи эң оор алгачкы он жылда (1991-2000-жж.) иштешиптир. Алардын жетөөсү сегиз жыл министр болушуптур. Сиз бир күн да министр болбоптурсуз. Болгону эки жыл министрдин милдетин аткарыпсыз. Анан эле «колхоз, совхозду талкалаган» деп жалгыз сизди күнөөлөгөндөр дагы эле бар. Буга сиздин жаныңыз кашайбайбы? Калган жети министр эмне иш кылышкан? Алардан түк үн чыкпайт го?

 – Каралаганга жаным эч кашайбайт. Айыл реформасын түшүнбөгөндөрдүн аягы суюлуп калды. Ал реформанын жол-жоболорун иштеп чыгуунун башында өзүм болдум. Практикалык үлгүсүн 1994-жылы Жети-Өгүз районундагы «Тамга» совхозун эки ай реформалап көрсөткөм.

Президент Аскар Акаев саясий колдоо көрсөтүп турду. Ал эми алгачкы оор жылдары иштешкен жети министр коллегаларым татыктуу, күчтүү жетекчилер болушкан. Ошол кездеги айыл чарба саясатынын ийгилигине да, кемчилигине да салымдары бар.

 – Сиз 1991-жылы эле АКШда Айова университетинде эки ай окуп келипсиз. Кыргыз айыл реформасына алардын тажрыйбасы колдонулганбы?

 – Мен АКШнын айыл чарбасын жакшы билем. Айова, Висконсин, Юта штаттарында көптөгөн жолугушууларда болгом, тоого барып малчылардын иши менен да таанышкам. Андан тышкары Түркия, Англия, Германия, Франция, Италия, Швейцария, Япония, Грецияда айыл чарбасын жеринде чар тараптан изилдегем. Учурдагы кыргыз айыл чарба модели АКШдан толук айырмаланат. Алардын модели бизге түк жараксыз. Ал жакта негизги фигура – бул фермер. Бир фермердин жүздөн миңге чейин гектар жери бар. Биз болсо бир адамга андай жер бере албайбыз. Балким аянты чоң Россия, Казакстан берээр. Биз айдоо жерлерди айыл тургундарына үлүш катары бергенбиз. Бизде негизги өндүрүүчүлөр – бул чакан жана орто эркин дыйкан чарбалар. Жеке мага «фермер» деген түшүнүк чоочун, бул сөздү колдонбойм.

Биз алдырган мыйзам боюнча айылдык бир үй-бүлөнүн менчигинде максимум 50 гектар айдоо жери болуш керек. Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов кантип жүздөгөн гектар жерди менчиктеп алганы түшүнүксүз.

Учурда «жаңы дыйкандардын жерлерин ирилештирүү керек» деген сунуштар бар. Бул туура эмес түшүнүк. Күч менен азыр ирилештире албайсың, экономикалык кызыктыруу жолу менен оптималдаштыруу процессин жүргүзүү зарыл. Мисалы, жер-жемиш өстүргөн бир дыйкан үй-бүлөгө 50 гектардын эмне кереги бар? Же элүү дыйкандын жерин бириктирип, жер- жемиш өстүрүү жакшы киреше береби? Жыл башында теледен аравандык бир жигит маегинде бир сотка жеринен сезондо үч түшүм алып, жылына 100 миң сом таза киреше табаарын айтты. Бул айылдагы бир тамдын аянты да!

Ал эми буудай, кызылча, пахта сыяктуу өсүмдүктөр үчүн, албетте, айдоо аянты канчалык чоң болсо, ошончолук натыйжалуу. Айталы, Япония менен Грецияда чакан жана орто дыйканчылык модели өкүм сүрүп келе жатат. Айыл чарбасы мыкты деңгээлде. Демек, региондун адистешүү өзгөчөлүгүнө жараша жер аянттарын оптималдаштыруу керек. Бул өкмөттүн иши.

АКШдан дагы эки нерсе жакпады. Биринчи, айыл чарба салык системасы таңгаларлык татаал. Фермердин бир жылда киреше-чыгаша боюнча чогулткан эсеп чектери бир чемоданга толот. Даана коррупция ушул жерде, америкалыктар өздөрү да танбайт. Ал эми биз 1995-жылы академик Аман Мамытовдун жардамы менен киргизген айыл чарба салык системасы – бул дүйнөлүк эталон! Муну эч ким этибар албайт, 25 жыл швейцария саатындай иштеп келүүдө, коррупция нөл. Бизден башка дүйнөнүн бир да өлкөсүндө мындай идеалдуу айыл чарба салык системасы киргизилген эмес. Экинчи, АКШда койду америкалыктар багышпайт, алар кожоюндар. Мал бакканы Латын Америкасынын гастарбайтерлерин жалдашат. Алар бир-бири менен катташпайт. Ал эми биздин малчы дыйкандардын жайлоодогу жашоосунун керемет жактары да көп эмеспи. Катташып, жакшылык-кыйынчылыкта бирге болушат. Бирок, жалпы жыйынтыктасак, биз айыл чарба саясатында, өндүрүшүндө дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбадан дагы эле арттабыз. Биздеги айыл реформасынын биринчи этабы (1994-98-жылдар) Апас Жумагуловдун өкмөтүнүн отставкага кетиши менен аяктаган. Анан реформанын кийинки этабы жүргүзүлгөн эмес. Андан бери инерция аркылуу, жаңы дыйкандардын жеке жан үрөгөн аракеттери менен эле бирде алга жылып, бирде артка кетип, аздап өнүгүп келе жатабыз. Айыл реформасын улантуу боюнча «парламенттик» башкаруунун иши деле болбоду.

 Сиз үчүн «колхоз, совхоз» деген система эмне? Кандай себептен андан баш тартууга туура келди?

 – Ал системага эки өңүттөн баа берем. Жеке инсан жана мамлекеттик ишмер катары. Өзүм колхоздун башкармасынын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Мектепти аяктаганда бир жыл совхоздо иштедим. Университеттен «айыл чарба экономисти» – деген адиске ээ болдум. Анан он эки жыл Илимдер академиясында адистигим боюнча эмгектендим. Жеке инсан катары колхоз- совхоздон жакшылык эле көрдүм. Ал эми мамлекеттик ишмер катары, албетте, башка өңүттөн, элдин, өлкөнүн кызыкчылыгын жогору коюп баа берип келдим. Колхоз, совхоз – бул эбегейсиз чыгашалуу система. СССР деген ири держава эмне болуп кыйрады? АКШ же Кытай менен согуштубу? Жок. СССР болгон тапкан байлыгын, кирешесин колхоз, совхоздорго дотация катары бере берип, ал эми өнөр жайы өксүп, илимий-техникалык прогрессте уттуруп, соңунда алы түгөнүп кулап түштү. СССР менен АКШны салыштырып көрөлү. Совет калкы 270 миллион адам болгон, айыл чарбада иштегени 45 миллион адам. Совет өлкөсү айыл чарба продукциясы менен өз калкын эч убакта толук камсыз кыла албаган. АКШ калкы 230 миллион адам, фермерлердин саны болгону 3 миллион. Алар өз өлкөсүн толук камсыздап, ал гана эмес СССРге ири көлөмдө эгин экспорттоп келишкен. Экинчи мисал.

СССР маалында Кыргыз ССРинин колхоз, совхоздоруна жылына союздан орточо 6,5 млрд рубль дотация (кайтарылгыс акча жана каражат) берилип турчу. Ал эми 1992-жыл (эгемен Кыргызстан) көрсөткөндөй, республиканын бюджетинин кирешеси 2,1 млрд рубль экен, б.а. союздун биздин колхоз- совхоздорго берип турчу дотациясы өзүбүздүн жалпы кирешебизден үч эсе (!) көп болгон. Эми элестетели, эгер бизде агрардык реформа болбогондо, анда азыр өкмөтүбүз айыл чарбасына жылына 450 млрд сом дотация берип турушу керек эле (2019-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 150 млрд сом)! Учурда кыргыздын эркин дыйкандары бир сом дотация албайт. Бул айыл реформасынын зор утушу да. Бул фактыны кайда катабыз?! Салыштырып, айыл реформасына барбаган айрым постсоветтик өлкөлөргө көз чаптырып көрөлү. Колхоз-совхоз системасын сактап келе жаткан, жаратылыш ресурстарына эбегейсиз бай Түркмөнстандын эли дайыма азык-түлүк тартыштыгында, ачарчылык чегинде жашап келүүдө. Негизги продуктулар карточка менен берилет. Азык-түлүккө узун кезектер сейрек эмес. Колхоз- совхоздорду бапестеген экинчи өлкө, Белоруссия, соңку 29 жылда айыл чарбасына 60 млрд доллар дотация берди. Өлкөнүн тышкы карызы болсо 17 млрд доллар. Белоруссиянын географиялык абалы, жаратылыш шарты айыл чарба өндүрүшүнө өтө жагымдуу. Айдоо (сугат) жери 5 млн гектар. Айыл чарба продукция экспорту 1 млрд долларга жетпейт. Ал эми так ошондой эле айдоо аянты бар, фермерлери колхоз-совхозду түштөрүндө да көрбөгөн Голландия өлкөсү айыл чарба продукциясын экспорттоодон жылына 100 млрд евро киреше табат. Айырма (жүз эсе!) асман менен жердей. Айыл чарба тармагына жылына жүздөгөн миллиард рубль дотация берип келе жаткан Россияда соңку 29 жылда колхоз-совхозду сактаганды мындай кой, жүз миңдей айыл-кыштак жер үстүнөн жоголду жана жоголуу алдында турат.

Кыргыздар мындайда «этти коюп, табагыңды таап ал!» – дешет эмеспи. Грузия болсо, Саакашвилинин реформатору Каха Бендукидзенин иш-аракети менен бизден он жыл кечигип жер реформасын жүргүзүп, айыл элине эркиндикти жана менчикти берди. Төңкөрүшчүл Украина эми араң ойгонду. Президент Зеленский «жер рыногун киргизебиз» – деп жар салды. Эске салсак, Кытайда улуу реформатор Дэн Сяопин да 1978-жылы реформаны айылдан баштап, айыл чарбасын мамлекеттин моюнунан алып, дыйкандарга эркин иштөөгө жол ачкан. Бул кашкайган чындыкты эски популистер да, азыркы айрым билими тайкы «бакырчаактар» да өмүрү түшүнүшпөйт. Бирок, бактыга жараша, биздин айылдагы мээнеткеч эркин дыйкандарыбыз жыгылып-туруп реформа чапкан жаңы жолдо бара жатышат. Так ошолор эгемен Кыргызстанды багып жана сактап келишүүдө.

 – Алдыдагы планыңыз кандай? Парламенттик шайлоого катышасызбы?

 – Кыргызстан агрардык партиясынын төрагасы Эсенкул Алиев «Сооронбай Жээнбековдун региондорду өнүктүрүү багыты абдан туура. Дээрлик жыйырма жылдан соң, акыры айыл реформасын улантууга жол ачылды. Президенттин багытына салым кошолу» – деп бир топ тажрыйбалуу адамдарды партиянын саясий кеңешине мүчөлүккө чакырды. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Тойгонбек Калматов, экс-губернатор Болоткан Кумаров, экс-аким Бердибек Самудинов, экс-министр орун басары Качкынбай Кадыркулов ж.б. көптөгөн аграрчылар макул болдук. Жакында ишти баштайбыз. Шайлоого катыша албайм. «Соттолгон» деген каамыт дагы эле моюнумда.

 – Бекболот байке, тээ 90-жылдары СССР кулап, кыргыз элибиздин башына оор мүшкүл тагдыр түшкөндө сиз атан төө көтөргүс эмгек кылыпсыз. Аны учурунда түшүнбөй, сизге кол кабыш кылгандын ордуна, тескерисинче бут тосуп, жектеп келдик. Кыргыз элинин жакшы жашоосу, өлкөнүн келечеги үчүн ал түшүнбөстүктөн, түркөйлүктөн болгон каралоо, мазактоонун баарына чыдадыңыз. Өткөн мезгил, жашоо-турмуштун өзү сиздин чындыкты далилдеди. «Арам туулгандар» деп жээрилген кыргыздын жаңы эркин дыйкандары буттарына турушуп, жакыр өлкөбүзгө түркүк болуп келе жатышат. Эгер ошол оор мезгилде сиз толук кандуу айыл чарба министри болуп беш-алты жыл иштегениңизде айыл реформасы ырааттуу жүрүп, жаңы дыйкандар алда канча эрте күч-кубатка толмок экенин эми билип жатабыз.

Замандаштар баалай албаса да алдыдагы муун сиздин эмгекке сөзсүз татыктуу баа берет. Айыл эли сизди кол чаап тосуп алчу күндөр да келет. Азыр билимиңиз, тажрыйбаңыз менен бөлүшүп, кеңеш берип туруңуз. Бар болуңуз!

Маектешкен Нургазы Анаркулов

«Майдан» гезити

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *