Бекболот Талгарбеков, экс-министр: «Кыргыз элинин үч жүз душманы бар»

     Мезгил

– Бекболот агай, Кыргызстан кайда баратат?

– Белгисиз.

– Акыбалы кандай?

– Коомчулук «сазга батты» – деп жатат.  

Өлкө ал саздан качан чыгат?

– Келечекте. Бирок алдыңкы беш жылда чыкпайт.

– Анда бүгүн ушул суроо-жооптордун айланасында кеп куралы…

– Макул. СССРдин урандысынан пайда болгон он беш постсоветтик өлкөлөр 29 жылды арытышты. Алардын баскан жолун, оң-терс кадам, чечимдерин талдаганга учурда жетишээрлик тажрыйба бар. Өткөн турмуш ал өлкөлөрдүн чоң же кичине, жаратылыш ресурстарына бай же жарды экени өнүгүүнүн башкы фактору эместигин көрсөттү. Башкысы – мамлекеттик түзүлүш, башкаруу системасы, саясий жана экономикалык институттардын натыйжалуулугу экени белгилүү болду.

– Анда талдоону ушул өңүттөн баштасаңыз?

– Постсоветтик өлкөлөрдө мамлекеттик түзүлүш, башкаруу системасынын төрт формасы орун алды. Алар – аралаш (парламенттик-президенттик), суперпрезиденттик, парламенттик жана анархиялык. Алсак, эркиндик алаар менен (1991 ж.) парламенттик түзүлүштү Прибалтика өлкөлөрү тандап алышкан (Литва, Латвия, Эстония). Алардын тандоосу туура болгону талашсыз маселе. Бул өлкөлөр туруктуу өнүгүү жолунда. Он-он беш жыл кечигип аларга дагы эки өлкө, Грузия жана Армения, кошулушту. Булар да туура жолун таап алышты.

Эркиндик алган өлкөлөрдүн бир тобу Россиянын жолуна түшүшкөн. Алар – Украина, Молдова, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан. Буларда аралаш (парламенттик-президенттик) мамлекеттик башкаруу орнотулган. Натыйжасы кандай? Тажикстан граждандык жаңжалга кабылып, бир нече жыл кандуу согуш жүрдү. Казакстан, Кыргызстанда парламент менен президенттер катуу тирешип, жыйынтыгында президенттер Нурсултан Назарбаев, Аскар Акаевдер парламенттерин мөөнөтүнөн эрте таратышып, суперпрезиденттик башкаруу системасын орнотушту. Россияда президент Борис Ельцин парламентти танкалар менен аткылатып, кан төгүлүп, депутаттардын бир тобу камалып, парламент таркатылып, аларда да суперпрезиденттик башкаруу орноду. Молдова соңку чейрек кылымда кансыз жаңжалдан башы чыга элек. Бир карасаң парламенти, бир карасаң президенти жеңип, кайра жеңилип, бири-бирин кубалашып, айтор, саясий спектакль тынымсыз уланып келүүдө. Украина болсо учурда, эксперттердин баамында, өзүнчө беш мамлекетке бөлүнүп кетүү коркунучунда турат. Демек, аралаш мамлекеттик башкаруу бир да постсоветтик өлкөдө оң натыйжа бербеди. Айтмакчы, бизде конституциялык реформа боюнча талкуу жүргөндө «1993-жылдагы Башмыйзамды кайра орнотуу керек» – дегендер ушул өткөн тажрыйбаны эске алышса.

Калган постсоветтик өлкөлөр дароо эле суперпрезиденттик башкарууга өтүшкөн жана ал дагы эле күчүндө. Алар – Белоруссия, Өзбекстан, Азербайжан жана Түркмөнстан. Натыйжасы кандай? СССР кыйраган өткөөл мезгилде суперпрезиденттик башкаруу кыска аралыкка (орточо он жыл) пайдалуу экенин көрсөтө алды. Аталган төрт өлкө өткөөл мезгилди салыштырмалуу түзүк өткөрүштү. Бирок, ал башкаруу өткөөл мезгилден соң, тескерисинче, өлкөнүн андан ары өнүгүүсүнүн башкы тормозу болуп калаарын да турмуш далилдеди. Мисалы, Белоруссияны алалы. Белорус эли 1995-2005-жылдарды өз активине жазып, ал гана эмес президент Александр Лукашенкого алтындан эстелик орнотуп койсо да жарашмак. Ал эми соңку 15 жылда белорус өлкөсүнүн өнүкпөй, кайра артка кеткени бүгүн жалпыга маалым. Белоруссияны дефолттон Россия гана сактап келе жатат. МВФтин (эл аралык валюта фонду) аныктамасы боюнча Россия 2005-15-жылдары Белоруссияга 106 млрд доллар жардам берген. Лукашенко сактап келе жаткан колхоз-совхоз системасы эбегейсиз чыгашалуу.

Белорус экономисти Ярослав Романчуктун эсеби боюнча, 1995-2015-жылдары мамлекет айыл чарбасына 100 млрд дотация берген. Ал эми өлкөнүн тышкы карызы учурда 39,5 млрд долларга жетти. Нефтиге бай Азербайжанды алсак, Баку жана олигархтар гүлдөп өсүп, байып, ал эми айыл калкы жакырчылыкта. Газга бай Түркмөнстанда Ашгабат жаркырап, көз жоосун алып, ал эми айыл калкы ачарчылыкта жашап келишет. Мына, суперпрезиденттик башкаруунун «жемиштери». Андай башкарууга өткөн Казакстанды да көрөлү. Өткөөл мезгилде ал башкаруу өзүн актады. Жаңы борбор, Астана, курулду. Айлык, пенсия, жөлөкпулдун көлөмү бир топ жогорулады. Бирок аларда да суперпрезиденттик башкаруу он-он беш жылдан соң кесепетин тийгизип баштады. Учурда Казакстандын тышкы карызы астрономиялык суммага жетти (158 млрд доллар). Ошондой эле, айрым казак эксперттеринин айтымында, «өлкөдө улуттук экономика жокко эсе». Анткени, иштеп жаткан ири компаниялардын баары чет өлкөлүк жарандардын менчигинде. Өзбекстанда Ислам Каримов орноткон суперпрезиденттик башкаруу да он жылча өзүн актаган.

Андан соң өлкөдө кризис күч алып, коррупция тамырлашып, жакырланган элдин чыдамы түгөнгөн. Каримов баш көтөргөндөрдү аттырып («Анжиян окуясы»), көбүн каматып, соттотуп, айрымдарын өлкөдөн кууп, бийлигин сактап келди. Анын өлкөнү иритип-чириткен иштерин жаңы президент ачыктап, оңдоп келе жатат. Учурда Шавкат Мирзиёев да суперпрезиденттик башкаруунун кыска убакытка жараган артыкчылыктарын колдонууда. Бирок, дагы эки-үч жылдан кийин ал же Лукашенконун регресстүү, же Саакашвилинин прогрессивдүү жолун тандооого аргасыз болот.

Тажикстан 1994-жылдан бери суперпрезиденттик башкарууда. Он жылча ал оң натыйжа берди. Атуулдук согуш токтотулуп, өлкөдө саясий туруктуулук орноду. Экономикада өсүш болуп, элдин жашоосу жакшыра баштаган. Бирок суперпрезиденттик башкаруу оң ресурсун түгөтүп, тескери натыйжага өттү. Учурда Тажикстан дүйнөдөгү эң коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарында. Айылдарда жашоо оор, жаштар Россияга кетишкен. Өлкө бир үй-бүлөнүн барымтасында калды.    

 Суперпрезиденттик башкарууга өткөн Россия нефти, газ, ошондой эле ири көлөмдөгү курал-жарак сатуу менен киреше таап келүүдө. Мисалы, соңку үч жылдагы курал-жаракка заказдын суммасы 50 млрд долларды түздү. Ошол эле учурда өткөн мезгилде жаңы Россияда 78 миң өнөр жай ишканалары тыптыйпыл талкаланды. Жүз миң айыл-кыштак жер үстүнөн жоголду. Илимий-техникалык прогрессте, жаңы технологияларды колдонууда Россия өнүккөн өлкөлөрдөн кыйла артта калды. Бул мисалдардын баары суперпрезиденттик башкаруу убактылуу гана жарактуу экендигин, бирок андан соң кесепетин тийгизээрин таамай тастыктап турат.

– Кезек Кыргызстанга келди окшойт…

– Эгемен Кыргызстандын алгачкы беш жылы бийлик талашуу менен коштолуп, 1989-жылы эле башталган кризис абдан тереңдеген. Эске салсак, 1989-91-жылдары мамлекеттик башкаруу СССР деңгээлинде, ал эми республикалык башкаруу Кыргыз ССР коммунисттик партиясынын колунда болгон. 1990-жылы октябрь айында шайланган биринчи президент Аскар Акаевдин бийлиги кабинетинин ичинде гана болчу. Эгемендик келээр менен (август 1991 ж.) мамлекеттик бийлик парламентке өткөн. Анын аймактардагы структуралары (облрайсоветтер) өкүлчүлүк жана аткаруу бийликтерин кошо жүргүзүшкөн. Ал бийлик 1993-жылы ажыратылып, өкүлчүлүк жана аткаруу бийликтери өз алдынча иш алып барууга өтүшкөн. Ошол жылы 5-майда кабыл алынган Башмыйзам өлкөдө аралаш мамлекеттик башкаруу системасын орноткон. Кризис күчөй берген.

Жалпы эл болсо жашоонун оңолушун парламенттен эмес, президенттен талап кылып турган. Ошол себептен Аскар Акаев 1994-96-жылдардагы үч референдумдун жыйынтыгы менен өлкөдөгү кош бийликти жоюп, суперпрезиденттик мамлекеттик башкарууну орноткон. Ал башкаруу кыска аралыкка (он жылча) оң натыйжасын бере алды. Бирок 2002-жылдан тарта коомдо суперпрезиденттик системага нааразы болгондор көбөйө баштаган. Жооп катары 2003-жылы кабыл алынган кезектеги Башмыйзам, эгер бүгүнкү күндүн бийиктигинен карасак, оң жана терс жактарды камтыган. Оңу – ал Башмыйзамга ылайык 2005-жылы шайланган (бир мандаттуу округдардан 75 депутат) парламент эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң күчтүү парламент катары элдин эсинде калды. Ал курам интеллектуалдык жана профессионалдык сапаттары боюнча, мисалы, учурдагы «чимкирик» парламент курамынан жүз эсе жогору болгон. Терси – 2003-жылдагы Башмыйзам шайлоо жана сот системасынын адилеттүүлүгүн жана эркиндигин камсыз кыла алган эмес. Ал эки система тең президентке көз каранды бойдон кала берген.

Март окуясынан (2005 ж.) кийин бийликке келген президент Курманбек Бакиев дароо күчтүү парламенттин көзөмөлүнө кабылып, аны жеңүүгө аракетин баштаган. Агездеги эки жылга созулган тиреш жалпыга маалым. Бирде парламент, бирде президент үстөмдүк кылып, Башмыйзам бир нече жолу алмашылган. Акыры, 2007-жылы Бакиев күчтүү парламентти таратып, партиялык шайлоо киргизип, «Ак жол» партиясын жаңы парламентке өткөрүп, өлкөдө кайрадан суперпрезиденттик башкаруу орноткон. Кыска аралыкка туруктуулук орноп, ички дүң продукцияда, бюджетте өсүштөр болгон. Бирок коомдо кайрадан суперпрезиденттик башкарууга каршылык башталып, ал 7-апрель (2010 ж.) окуясы менен аяктады.

Оор, саясий туруксуздук мезгилде кабыл алынган жаңы Башмыйзамга ылайык (2010 ж.) суперпрезиденттик башкаруу жоюлуп, өлкө «парламенттик системага өткөнү» жарыяланган. Андан бери он жыл өттү. Жыйынтыгы кандай? Эгемен кыргыз мамлекетин терең сазга тыккан дал ошол Башмыйзам экени учурда «бешиктеги балага да белгилүү». Парламенттик башкаруунун өзү эмес, жыты да болбоду. Суперпрезиденттик башкарууну башаламан, чакчелекей, жоопкерсиз башкаруу, илимий тил менен айтканда анархиялык башкаруу алмаштырды. Анын зор кесепетин, зыянын айта берип коомчулуктун тили жешилип бүттү. Кызыгы, ал Башмыйзамга ылайык орнотулган мамлекеттик системага таамай аныктаманы анын үч автору беришти. Биринчи. Президент Алмазбек Атамбаев 2012-жылы 28-февралда КТРда түз эфирде маек берип жатып, «биздин өлкөдө орнотулган мамлекеттик башкаруу парламенттик эмес» – деп жар салды. «Анда кандай башкаруу?» – деп эси оогон алпаруучуга Атамбаев «а чёрт его знает!» – деген жооп узаткан. Бул таамай аныктама таңгалычтуу эле. Анткени, калың эл билбесе да, Атамбаевди жакын тааныгандар анын интеллект көрөңгөсү жакыр экенин жакшы билишчү. Акыбалды ал туура баамдап жатса, демек, жоопкерчиликтүү мамлекеттик башкаруу киргизүүгө аракет жасашы керек эле.

Бирок, теледен келгенден кийин Икрамжан Илмиянов: «шеф, эмне деп жатасыз, дал ушул башаламан система сиз экөөбүзгө абдан ылайыктуу» – деген окшойт. Бир ай өтпөй Атамбаев кайрадан «биз парламенттик өлкөбүз» – деп сайрай баштаган. Экинчи аныктаманы Азимбек Бекназаров берди: «Азыркы мамлекеттик түзүлүш бандит, ууру, мародер, базаркомдордун жыргал заманы» («Алиби», 07.12.2012 ж.). Бул тизмеге бажыбарон, алкомагнат, сутенёрлорду да кошуп койсо куп жарашат. Булардын «жыргал заманы» качан аяктаары али белгисиз. Үчүнчү. Жакында теледен Өмүрбек Текебаев маек берди. Анда алпаруучу «2010-жылдагы Башмыйзамга кандай түзөтүү киргизет элеңиз?» – деген суроо узатты. Текебаев: «өкмөттү куроо үчүн президентке берилген укуктагы кезекте жаздым кетиптир, ал укук конфета берүү да» – деп жооп берди. Бул жалгыз Текебаевдин жообу эмес. Ал жооп ошогездеги Убактылуу өкмөттүн эл жана бийлик катнашы боюнча жалпы түшүнүгү. Алар, тилекке каршы, мамлекеттик бийлик – бул биринчи кезекте «жоопкерчилик» эмес, «конфета бөлүштүрүү» – деген терең ишенимде болушкан. Жыйынтыгы, ал Башмыйзамдын пайдасы бир, кесепети миң болду.

– Ал эмне «бир пайда»? Эгер 2010-жылы сизден сурашса, кандай сунуш бермек элеңиз?

– Жалгыз пайдасы – президенттик мөөнөттү алты жыл менен чектөө. Элестетсеңиз, эгер эки мөөнөт уруксат берилген болсо, анда учурда өлкөнү Илмиянов, Атамбаев, Ниязов, Сегизбаев, Жолдубаева, Ибраимов, Кулматов сыяктуу «чудо» жетекчилер башкарып олтурушканын! Сунушка келсек, эгер 2010-жылкы Башмыйзамда «президент» – деген кызматты жоюп салганда, анда чыныгы парламенттик башкаруунун «мектебин» өздөштүрүп, анык оң-терс тажрыйба алмакпыз.

– Агай, маегибиздин талдоо бөлүгү соңуна чыкты көрүнөт. Жогорудагы пикирлерди сиз алты жыл мурда эле айтып, жазыптырсыз. Коомчулук агезде көңүл бурган эмес экен. Соңку эки жылда, өлкө сазга белчесинен батканы белгилүү болгондо гана, саясий система кеңири талкуулана баштады. Көпчүлүк түшүндү. Бирок система кантип өзгөртүлөт? Ким же кимдер ал өзгөрүүнү жасашат? Эң оор, талылуу маселе ушул го?

– Туура, кошулам. Тарыхты барактасак, андай өзгөрүүнү (1) айрым инсандар, (2) коомдун элитасы («каймактары») же (3) активдүү жарандар («экинчи эшелон») жасашат. Алсак, өткөн кылымда Кемал Ататүрк, генерал де Голль, Ли Куан Ю сыяктуу инсандар мамлекеттик түзүлүштүн өзгөрүшүнө, калыптанышына, натыйжалыгына алып келишкен. Мисалга Францияны алалы. Ал 1945-жылы, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, «парламенттик өлкө» – деп жарыяланган. Аныгында аралаш башкаруу болчу. Өлкө он үч жыл кризисте болгон, өкмөт жылда алмашчу. Айласы куруган президент Р.Коти айылда жашаган де Голлго өкмөттү жетектөөнү сунуштайт. Генерал ишке кирип, дароо жаңы Башмыйзамды кабыл алдырып, парламентти таратып, президенттик башкаруу киргизип, өзү президент болуп шайланып, өлкөнү кризистен чыгарып, өнүгүү жолуна салган.

Элита («каймактар») жасаган өзгөрүү мисалына келсек, анда Чилиде 1973-жылы аскер адамдары жасаган мамлекеттик төңкөрүштү айтууга болот. Ага чейин үч жыл президент С. Альенде социализмди куруу аракетин жүргүзүп, өлкө оор кризиске баткан. Аскер адамдары бийликти алып, генерал Пиночетти президент кылып шайлатышат. Беш-алты жылда Латын Америкадагы артта калган Чили өнүккөн өлкөгө айланган.

Ал эми «экинчи эшелондун» да өлкөнү өзгөрткөн, ийгиликке алып келген мисалдары жетишээрлик. Мисалы, 1979-жылы Иранда жаштар көтөрүлүп, шахтын ирип-чириген бийлигин кулатып, ислам мамлекеттин түптөшкөн. 1989-90-жылдары Литвада чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү «Саюдис» кыймылын, Польшада жумушчулар «Солидарность» профсоюз уюмун түзүшүп, өз өлкөлөрүнө зор өзгөрүүлөрдү киргизишкен. Эми ушул өңүттөн Кыргызстандагы жагдайды карап көрөлү. Жеке инсан мисалын алсак, анда президент Сооронбай Жээнбеков өзгөртүү жасаш керек эле. Бирок ал алгачкы эки жылын Атамбаевдин командасы менен күрөшүүгө жумшады. Демек 2018-19-жылдары конституциялык реформага киришүүгө мүмкүнчүлүгү болбоду. Быйыл пандемия апааты тоскоол болду. Ошентип, Жээнбеков убакыттан алдырып койду. Эми жаңы парламент шайланып жатканына байланыштуу анын конституциялык реформа жасоого моралдык укугу жок. Анткени андай реформа жасалса, анда парламент дароо тарап, жаңы саясий система алкагында парламент кайра шайланышы керек болот. Муну жасоого жеңип келген партиялар Жээнбековго мүмкүнчүлүк беришпейт. Демек, алдыдагы беш жыл да эч өзгөрүүсүз, текке кеткен, артка кеткен мезгил болот.

– Эгер президент системалык өзгөрүүлөрдү жасабаса, анда анын орду кандай болот?

 – Жээнбеков «ал өзгөрүүлөрдү жасайм» – деп убада берип шайланган эмес. Өзү белгилегендей, «кыргыз элине карызы жок». Ал Илмиянов, Атамбаевдин, алардын кадрларынын бет пардасын сыйрып, бийликтен четтетип, кылмыштарын моюнуна коюп, тарыхый эмгек жасады. Эми анын алдында, менимче, эки милдет турат. Биринчиси, өлкөдөгү туруктуулукту дагы үч жыл сактап берүү, үчүнчү төңкөрүшкө жол бербөө. Экинчиси, 2023-жылы устатын туурап «мураскер» арамза планын уюштурбай, таза президенттик шайлоого шарт түзүп берүү. Ушул эмгектери менен эле ал келечекте, өзү айткандай, «эл арасында жай баракат басып жүрө алат».

– Биздеги «каймактар» системалык өзгөрүүгө аракет кылбайбы?

– Бизде үч жүздөй «каймак» бар. Алардын үчтөн бири ЖК депутаттары, үчтөн бири аткаруу, күч-сот түзүмдөрүнүн жетекчилери, үчтөн бири кайрадан бийликке келүүгө аракет кылып жатышкан экс-аткаминерлер. Булар – орногон мамлекеттик түзүлүштү, иштеп жаткан башкаруу системасын өзгөртүүгө түк кызыкпаган адамдар. Кыргыз элинин нагыз душмандары! Себеби алардын токсон пайызы «Бекназаровдун тизмесиндегилер». «Бейиш система» аларга майдай жагат, аны өзгөртүүгө катуу каршылык көрсөтүшөт. Аз-маз да өзгөрүүнү каалашпайт. Мисалы, жакында эле «шайлоодо партиялык тизме ачык болсун» – деген сунушту кандай биримдикте чаап түшүштү! Эгер анык өзгөрүү болуп, прогрессивдүү мамлекеттик түзүлүш, башкаруу орноп, иштесе, анда ал «каймактардын» токсон пайызы саясий аренадан биротоло кетүүгө аргасыз болушат. Андай өзгөрүүнү алар каалабай калсын.

– «Экинчи эшелончу»?

– Анда болжолу отуз миңдей адам бар. Алар өлкөнүн ар кайсы маселелери боюнча активдүүлүк көрсөтүп, маалымат талаасында, соцтармактарда пикир айтып, комментарий жазып турушат. Ар кандай иш-чараларды уюштурушат. Эгер талдоо жүргүзсөк, алардын үчтөн бири анык мекенге күйгөн инсандар, кейип-кепчип, атуулдук позицияларын ачык айтып турушат. Үчтөн бирине, тилекке каршы, кеңири ой жүгүртүү жана билим жетишпейт. Көз караштары отуз-кырк жыл мурдагыдай эле. Башка заман келгенин, жаңыча ой жүгүртүп, жаңыча иш-аракет жасаш керектигин түшүнүшпөйт. Ал эми калган үчтөн бири, жакында бир илим доктору таамай белгилегендей, «дебилдер». Аларга эл, жер, мекен тагдыры кызык эмес, эптеп бирөөлөрдү каралап, мазактап, кашынып турса болду. Бул жашоодогу жыргалы да, кумары да ошол. Демек, учурда кыргыз коомчулугунда «Саюдис», «Солидарностко» окшогон өзгөрүүнү самаган, аракет жасаган демилгечил топ чыкпайт.

– Элибиз жөнүндө эмне айта алабыз? «Бул шайлоодо да сатылышат» – деген пикир арбын…

– Ал пикирге түк кошулбайм. Элди күнөөлөгөнгө эч кимдин акысы жок. Элден айланса болот. «Каймактарынын» өзүмчүлдүгүнө, түркөйлүгүнө, уурулугуна, жүзүкаралыгына чыдап, өздөрү жан үрөп иштешип, өлкөнү багып, сактап келатышат. Эл бардык нерсени жон териси менен сезет. Эгер «каймактары» жана активдүү «эшелону» татыксыз болсо, өздөрүн гана ойлосо, анда эл өзү кантип күрөшөт? Эмне максат үчүн күрөшөт? Эч кимге ишенич, үмүт болбогон соң учурда талапкерлердин бергенин ала беришет, добуштарын сатышат.

– Демек, шайлоонун тагдыры анык экен да?

– Ооба. Учурда шайлоочуларга акча самандай сапырылып берилип жатат. Мынчалык каражаттын чачылышы мурдагы шайлоолордо болгон эместиги эл ичинде айтылып, таңгалууну жаратууда. Эл: «бул шайлоону атаандашып араб шейхтери жана америкалык миллиардерлер каржылап жатышабы?» – деп шектенүүдө. Төрт партияны «жаңы парламенттен орун алды» – дегенге эмитен эле толук негиз бар («Мекеним Кыргызстан», «Биримдик», «Кыргызстан», «Республика»). Калган он эки партия бир же эки орун үчүн күрөшүшөт. Бирок алар азчылыкта болуп, эч кандай өзгөрүү жасай алышпайт.

– Анда дагы беш жыл эч өзгөрүүнү күтпөй эле коёлубу? Балким кандайдыр бир жолу бардыр?

– Теориялык жактан эки жолду айтсак болот. Биринчиси, шайлоонун жыйынтыгы боюнча «баарына каршы» жарандар жеңип чыкты дейли. Анда демилгени дароо президент колго алып, кайра шайлоо жарыялабастан, конституциялык жана башка зарыл реформаларды сунуштап, аларды турмушка ашырса болот. Бирок, «баарына каршы» жарандар жеңип чыгуусу арсар. Экинчи жолу бир топ реалдуу.

– Ага да токтолсоңуз?

– Жогорудагы талдоо көрсөткөндөй, соңку он жылда Кыргызстанда анархиялык мамлекеттик башкаруу өкүм сүрүп келүүдө. Бул системада формалдуу бийлик менен реалдуу бийлик шайкеш келе бербейт. Мисалы, 2011-17-жылдары формалдуу бийлик парламентте, ал эми реалдуу бийлик Икрамжан Илмиянов менен Алмазбек Атамбаевде болгон. Ал эми учурда формалдуу бийлик дагы эле парламентте, ал эми реалдуу бийлик Раим Матраимов менен Камчы Көлбаевде. Кыргызстандын учурдагы нак кожоюндары дал ушул экөө. Алар азыр өлкөдө де-факто кожоюн болуп турушса, эми 4-октябрдагы шайлоодон соң де-юре да кожоюн болушат. Анткени жаңы парламенттеги көпчүлүк добуш алардын депутаттарына жана алардан көз каранды депутаттарга таандык болот.

Бул эмнени билдирет? Бул – алдыдагы үч жылда (2021-23 жж.) «кыргыз элинин, өлкөсүнүн тагдырына Матраимов жана Көлбаев жоопкер!» – дегенди билдирет. Мурдагы эки кожоюндан экөөнүн эмне айырмасы бар? Илмиянов, Атамбаевдер ачка, ач көз болушчу. Алар дүйнө жыйнашты жана аны сактоо үчүн «мураскер» планын ишке ашырышты. Өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын жогору коюшту. Ал эми жаңы кожоюндар, Матраимов менен Көлбаев, ачка эмес. Байлыкты, элдин айтымында, жети тукумуна кенен жетээрлик топтоп коюшту. Демек, эл, өлкө үчүн ак ниеттен иштеп койсо болобу? Эмнеге болбосун. Алардан мындай кадамды күтсө болот, адамга адал иш да керек эмеспи. Ал экөө кааласа жаңы парламентти бир күндө тарата алышат. Ошондой эле зарыл реформалардын баарын жасай алышат. Алар жасабаса, анда керектүү өзгөрүүлөрдүн баары 2023-жылы шайлана турган президентке калат.

– Матраимов менен Көлбаевде ыйман ойгонуп кетсе, анда алар кандай өзгөрүүлөрдү жасашы керек?

– Комплекстүү жасала турган беш-алты ири маселе бар. Биринчиси. Конституциялык реформа жүргүзүп, жаңы Башмыйзамды референдумга алып чыгып, өлкөдө же президенттик, же парламенттик башкаруу системасын орнотуу. 4-октябрда шайланган парламентти таратып, жаңы Башмыйзамга ылайык 2021-жыл башында кайра парламенттик шайлоону өткөрүү. Бул иште Матраимов, Көлбаевдер таяна турган инсандар учурда жетиштүү. Алар – ЖК экс-төрагалары Медеткан Шеримкулов, Алманбет Матубраимов, Абдыганы Эркебаев, Ишенбай Кадырбеков, Адахан Мадумаров, Зайнидин Курманов, Ахматбек Келдибеков, генералдар Феликс Кулов, Кубатбек Байболов, Марат Иманкулов, профессорлор Жолборс Жоробеков, Алмазбек Акматалиев, Бекбосун Бөрүбашев ж.б.

– Сиздин пикирде, Кыргызстанга башкаруунун кайсы формасы ылайыктуу?

– Менин пикирим баалуу эмес. Аталган инсандар мыкты Башмыйзам жаза алышат. Менин айтаарым, эгер президенттик форма тандалса, анда Франциянын жана Түштүк Кореянын моделдерин терең изилдеш керек. А эгер парламенттик форма тандалса, анда Сингапурдун моделине көңүл бөлүнсө болмок. Ал өлкө 1965-жылы эркиндик алганда парламенттик башкарууга өткөн. Аларда «президент» – деген кызмат болгон эмес. Качан гана өлкө өнүккөндө, отуз жылдан кийин, ал кызмат символикалуу түрдө киргизилген.

– «Маселе Башмыйзамда эмес, анысы жок эле өнүккөн өлкөлөр бар. Мисалы Улуу Британия. Башкы маселе – ар бирибиз өзүбүздү оңдошубузда» – деген пикир айткандар да бар…

– Алар тарыхты окушкан эмес. Эгер окушкан болсо дал ошол Англияда 1689-жылы эле парламент «Билль о правах» – деген мыйзам кабыл алып, келечектүү мамлекеттик түзүлүш, башкаруу принциптерин негиздегенин билишмек. Ал эми «алгач өзүбүздү оңдошубуз керек» – дегендер улуу утописттердин эле шакирттери. Горбачев дагы: «кайра курууну ар бирибиз өзүбүздөн башташыбыз керек» – деп жатып СССРди жок кылбадыбы. 

– Дагы кандай өзгөрүүлөр керек?

– Эгемен Кыргызстанда баардык чырдын башы шайлоо системасында экендиги бүгүн жалпыга маалым. Ал система жыйырма жыл президенттерден, ал эми соңку он жылда партиялардан көз каранды болуп, Шайлдабекова сыяктуу «табылгыс» жетекчилер ботко чалып келатышат. Демек, бул системаны бийликтен таптакыр ажыратыш керек. Саясий эрк болсо анын чечүү жолдорун табуу кыйынга турбайт.

Кийинки өзгөрүү – бул укуктук-соттук реформа. Бул өтө оор жана жооптуу иш. Алсак, Сооронбай Жээнбеков баштаган тазалануу жана жаңылануу жолун башкы прокурор  Өткүрбек Жамшитов жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева соңку эки-үч жылда акыр-чикир таштандыга толтуруп салышпадыбы. Укуктук-соттук реформаны ийгиликтүү ишке ашырууга Матраимов менен Көлбаевге жардамга келчү инсандар да жетиштүү. Алар – Султангазы Касымов, Назаркул Бопоев, Курманбек Жороев, Клара Сооронкулова, Курманбек Зулушев сыяктуу тажрыйбалуу, профессионал адистер.

Кийинки зор мааниси бар иш-чара – бул аймактык реформа. Советтик командалык башкарууга негизделген «республика – область – район – совхоз» бийлик вертикалы эбак эскирген, натыйжасыз. Бул вертикалда «совхоз» гана «айыл өкмөтү» болуп жаңыланды. Область, район звенолорун жоюп, Бишкек, Ош шаарларынан тышкары он төрт ири аймак түзүүгө мезгил эбак бышып жетилген. Бул ири реформаны турмушка ашырууга илим-билими, тажрыйбасы жетиштүү, Матраимов менен Көлбаевди колдоп берээр инсандар бар. Алар – кадр боюнча мамкызматтын мурдагы жетекчилери Нурмамбет Токтоматов, Чолпонкул Арабаев, аймактык башкаруу боюнча профессионал адистер Курманбек Дыйканбаев, Жанат Жаманкулов, Аалы Карашев ж.б.

Соңку ири өзгөртүү – бул учурдагы сансыз министрлик, ведомство, агенттиктерди оптималдаштырып, натыйжалуу иштей турган он чакты гана мамлекеттик органдарды калтырып, өкмөттүн ишин, анын кадрдык сапатын жогорулатуу.

Аталган өзгөртүүлөрдү турмушка ашыруу Матраимов жана Көлбаевдин колунан келет. Маселе алардын алдыга койгон максаттарында: экөө эл, мекен кызыкчылыгын жогору коё алышабы же көнүмүш жеке жыргалчылык маселелерин чечүү менен алектене беришеби? Күтө туралы.

Наралы Асанбаев

«Жаңы Ордо» гезити, 25-сентябрь 2020 ж.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *