Бекболот Талгарбеков: Жээнбековдун ишенген Башкы прокурору эмнеге Атамбаевге кылмыш ишин ачпайт?

Мезгил

Азыркы бийлик Атамбаевди жоопкерчилигин карап, түрмөгө отургузуш боюнча иш алып барбай жатышат. Бул тууралуу “Элдик парламент” кыймылынын төрагасы Бекболот Талгарбеков билдирди.

Саясатчынын айтымында анын азыркы бийликке бир эмес үч сыны бар:

-Биринчиси, азыркы бийлик эмнегедир инвестиция тартып келүү жагынан алсыз болуп жатат. Экинчиси, соттук укуктук реформаны жетиштүү деӊгээлде жүргүзө албай жатат.  Үчүнчүсү Атамбаевди жоопкерчилигин карап, түрмөгө отургузуу боюнча иш алып барбай жатат-деди Бекболот Талгарбеков.

“Элдик парламенттин” жетекчиси башкы прокурор Алмазбек Атамбаевге кылмыш ишин эбак эле ачышы керек болчу деп кошумчалайт.

-Себеби, Атамбаев “ири долбоорлордун башында мен турам, өзүм алып келгем” деп мойнуна алган жайы бар. Камакка алынгандардын айрымдары ага каршы көрсөтмө берип жатат деген да сөздөр бар. Жаңы бийлик өзгөчө Сооронбай Жээнбеков ишенип дайындаган Башкы прокурор Атамбаевге кылмыш ишин эбак ачып, СИЗОго отургузуп, Сапар Исаков, Калиевдер менен бирге ишин сотко өткөрүшү керек болчу-деди Бекболот Талгарбеков.

Ошондой эле Талгарбеков  Атамбаевдин оппозицияга кеттим деп ачык айтып жар салганын кубатташыбыз керек. Ал эми эгерде ал төңкөрүш жасайм деген оюу болсо, ошол максатын ишке ашырууга аракет жасай баштаса, анда бүт коомчулук каршы турушубуз керек. Бирок Атамбаевди көрүнүктүү саясатчылар, белдүү оппозициялык көз караштагы адамдар колдобойт. Ал бир гана топтун тагыраагы өзү жетектеген гана топтун башчысы болот деп билдирет.

-Биздин өлкөдө дайыма оппозиция болуп турганы жакшы. Бирок, ал оппозиция мыйзамдын гана чегинде иштеши керек. Эгерде Атамбаев мыйзам чегинде иш алып бара турган болсо кош колдоп колдошубуз кажет. Анткени, коомдо оппозиция жок болсо, алдыга жылуу жок болуп начарлай берет. Ошондуктан оппозиция сөзсүз керек. Ал эми  Атамбаев кайсыл тарапта болбосун мыйзамдуу жол менен иш кылса, урмат-сыйга татыктуу болот. Эгерде ал төңкөрүш жасайм деген оюу болсо, ошол максатын ишке ашырууга аракет жасай баштаса, анда бүт коомчулук каршы турушубуз зарыл. Анткени, бул кадам анын кезектеги акмакчылыгы болуп калат. Өзү “эки төңкөрүштү тең мен жасадым” деп айткан. Бул деген эки жолу акмактык кылып, кыргыз элине эки жолу чыккынчылык кылдым деген сөз. Эми үчүнчү жолу да чыккынчылык кылбашы керек. Атамбаев эч качан бириккен же күчтүү оппозициянын лидери боло албайт. Себеп дегенде анын саясий ресурсу түгөнгөн-деди Бекболот Талгарбеков

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *