Бекназаров: Мадумаров мага караганда акылдуу, жаш “бакырчаак”

Мезгил

Кыргызстандын Малайзиядагы жаңы элчиси Азимбек Бекназаров бүгүн маалымат жыйын берип жатып, Адахан Мадумаров мага караганда акылдуу бакырчаак деди.   Ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып буларды айтты.

 -Журналистер ушунча жыл жүрүп Адахан Мадумаров менен кайым айтышпайын десем, силер кайым айтыштыргантасыңар.  Мен да айтып коеюн эгерда ал мени элчиге кетип калды деп айта турган болсо мен да ал тууралуу айтып коеюн. Адахан экөөбүз бакырган жагынан окшош элебиз. Ал мага караганда акылдуурак, сулуурак, жашыраак  “крикун” . Анан өзүн өтө жакшы көрөт өтө акылдуу. Акыл айтат, баарын өзү билет. Мен “крикун” акылсыраакмын. Элден сурайлы, элге баралы эл эмне дейт, элдин пикирин эске албайлыбы дей берем.  Мына ушул айырмачылык-деди Бекназаров.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *