Бекназаровдун баласынын тоюнда

 Мезгил

Өткөн аптанын этегинде Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» ресторанында саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулунун үйлөнүү тою болду. Үйлөнүү үлпөт тоюна УӨчүлөр Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаевдер конокто болушкан. Ошондой эле Үсөн Сыдыков, Алтынбек Сулайманов, Бекназаровдун кан кудасы Мыктыбек Абдылдаев, Эмилбек Каптагаевдер да жүрүшкөндүгү байкалган.

Күз келгени кыргыздардын тойлогону күчөп, шайлоого карата даярдык той үстүндө талкууланганы калды окшойт. Бекназаровдун баласынын тоюнда мамлекеттик резиденцияда жатып эриккен Роза Отунбаева Анжиян полькасына түшүп, элден жашырып жүргөн ырчылык таланты ашынган Алтынбек Сулайманов ал ырды созолонто ырдап, Үсөн Сыдыков баш болгон топ “балли” деп шатырата кол чаап турду дешет. Үй камагында эс алып жаткан Өмүрбек Текебаев Роза апчисине “кыстырмайдан” кысынбай тагып жаткандыгын тойго күбө болгондор кеп кылышыптыр.

А бирок Азибек Бекназаров баласынын тоюн неге “Нур-Суфра” тойканасында өткөрбөдү экен?

Булак: Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *