Беларустан Бишкекке 179 кыргызстандык жаран кайтып келди

   Мезгил

Бүгүн, 2-июнда Беларустан Бишкекке 179 кыргызстандык жаран кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан  билдиришти.

 Маалым болгондой, авиарейс дүйнөдө коронавирус инфекциясынын пандемиясынан чек аралардын убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам, чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылды.

Бул каттам менен Кыргызстандын Австрия, Армения, Беларус, Венгрия, Улуу Британии, Германия, Литва, Италия, Испания, Нидерланд, Польша, Украина, Франция, Чехия, Швеция, Швейцария жана Эстониядагы жарандары келишти.

Азыркы учурда келген бардык жарандар белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга (байкоо жүргүзүүгө) белгиленген тартипте жайгаштырылды.

Чет мамлекеттерде жашап жаткан жана мекенине кайтып келүүнү каалаган КР жарандарынын кайтып келиши боюнча иштер улантылат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *