Бери карап ыйлап, ары карап күлгөн “артист” депутаттар

   Мезгил

Аңчылыкка мораторий киргизүү боюнча депутаттардын күтүүсүз чечими көптөрдү таң калтырды. Жогорку Кеңештин депутаттары бул аптада сейрек кездешүүчү жаныбарларга аңчылык кылууга убактылуу тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун талкуулашып, бирок добуш берүүгө келгенде колдоого алышкан жок. Парламент мүчөлөрүнүн чечими көптөгөн кыргызстандыктарды нааразы кылды, анткени, аталган документтерге каршы добуш бергендердин арасында анын демилгечилери да болгон.

Талдоочулардын айтымында, депутаттардын жапайы жаныбарларды чарбачылыктарда багып, кийин жаратылышка чыгаруу сунушу орунсуз деп эсептейт. Ал ортодо Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов:

«Эл аралык ак илбирс күнүндө менин кесиптештерим сейрек жаныбарларга аңчылык кылууга убактылуу мораторий киргизүүгө каршы чыгышты. Биз айтканыбызды кылбайбыз. Мен документтин кош-демилгечисимин, тилекке каршы, иш сапарында болгондугуман мыйзам долбоору боюнча добушумду бере албай калдым. Аңчылыкка тыую салууга ушуну менен экинчи аракет көрүлдү. Добуш берүүнүн бул жыйынтыктарын эстеп калыңыздар», – деген Дастан Бекешев.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин төмөндөгү депутаттары демилгелешкен:

Э. Байбакпаев, Э.Токтошев, З. Шарапов, К. Зулушев, Ж. Акаев, Г. Асылбаева, П.Тулендыбаев, А. Исмаилова, К. Рыспаев, Д. Бекешев, И. Гаипкулов, А. Юсуров, А. Султанов, К. Баймуратов, М. Жеенчороев, А. Абжалиев, Т. Мамытов, У. Примов, А. Мамашева, С. Айдаров, Б. Субанбеков, М. Мавлянова, А. Узакбаев, С. Нышанов, С. Жураев, А. Осмонова, А. Нурбаев, К. Жолдошбаев, Д. Исаева, А. Дюшалиев, М. Исаков, М. Мадеминов, А. Алтынбеков, Н.Тотонов, Б. Турусбеков, З. Жамалдинов, Д.Торокулов, Н. Никитенко, К. Иманалиев.

Булардын ичинен Кожобек Рыспбаев айтканымдан кайттым деп, суроо берген журналистти “Сиз эмне мага прокуросузбу?” деп жөөлөп чыкты. Айрым маалыматтар боюнча депутаттар бул маселени парламент тараардан алдың алып чыгып, мыйзам долбоорун колдогон добуш берип, элге ак карга көрүнүүнү пландап жатыптыр. Парламентте олутуруп алып, эл көзүнө жагынып, саясий чайкоочулукту уюштуруу, депутаттардын мыкты өздөштүргөн кесиптеринин бири эмеспи? Кантели?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *