Бермет Акаева 48 жашты арытты

    Мезгил

Туңгуч президент Аскар Акаевдин тун кызы Бермет Акаева бүгүн 3-июнда 48 жашты арытты. Атасы журт башында турганда эсире көөп, эси жоктугун далилдеп алган Бермет айым бул аралыкта турмуштун кайыгында жакшы эле чайпалды. Ары-бери урунуп отуруп, акыры маңдайга жазганын көрүп келатат.

Эсиңердеби, атасына Германиядан чаламандын чак түшүндө катылган чагымчыл мекендешибизге Бермет кыргыйдай тийип, баштан ары салып калган. Муну менен ал эр жүрөктүүлүгүн, атасына берилгенин далилдеген эле. Атакесине ак дилден кылган андай камкордугун бийликте турган кезинде көрсөткөндө мындай болбойт эле да, туурабы? Мындан ары өткөн-кеткен катачылыктарынан жыйынтык чыгарып, туура жолдо жүрсө болду. Биз туулган күн ээсине куттук айтабыз!      

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *