Бермет Букашева: «Атамбаев түрмөдө мыйзам бузгандыгы үчүн отурат, аны бат эле унутуп коюу акылсыздык»

 

  Мезгил

Белгилүү журналист Бермет Букашева мурдагы президент, учурда абакта жаткан Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтарынын айланасындагы кырдаал жана алардын бүгүнкү бийликке карата жасап жаткан мамилелери тууралуу өтө таасын пикирин жергиликтүү телеканалдардын бирине курган маегинде билдириптир. Анын айтымында адамдар кайсы бир саясатчынын коррупциялык иштерин, бийликти узурпациялап алганын бат эле унутуп коюшат дагы, камакка алынган адамга боор ооруп киришет.

«Менин оюмча бул жерде мындай феномен жатат – адамдардын эске тутуму өтө кыска, адамдар жаманчылыкты тез эле унутуп коюшат, анан камалган кишиге боору ооруп киришет… Бул деген акылсыздык да! Ал адам түрмөдө мыйзам бузгандыгы, учурунда бийликти узурпация кылып алгандыгы үчүн олтурат. Өзүнүн айланасына коррупциялык топту түзүп алгандыгы үчүн. Ал адам өзүнүн шоопурларын, жан сакчыларын мамлекеттик жогорку кызматтарга дайындаган. Эмне мунун баарын тез эле унуттуңарбы?», – дейт ал.

Анан дагы бүгүнкү күндө мурдагы президенттин тарапташтары тарабынан бүгүнкү бийликти жек көргөзүү аракеттери эмне себептен болуп жатканы боюнча да пикирин айткан. Анын айтымында бүгүнкү бийликти “Атамбаевди түрмөгө отургузду” деп жаман көрүшөт. Мындай логика туура эмес экендигин белгилеген Бермет айым кимдин кирешесинин булагы далилденбесе, алардын баары камалышы керек деген пикирде.
«Анан алардын күнөөсүн далилдеш керек же алар өздөрү күнөөлүү эмес экенин далилдешсин. Бул багытта мен да бийлик тез жана катуу чараларды көрүш керек деп ойлойм. Экинчи тарабынан ушул үчүн эле дароо Атамбаевчилер менен биригип кетпеш керек да. Көрүнүп эле турбайбы, Атамбаевчилер менен биригип кетишти: “атамбаевчилер байкуштар жана куугунтук жегендер” имиш. Атамбаевчилер да алардан ашып түшкөн коррупционерлер…», – дейт Букашева.

Атамбаев жана анын таламын талашып жаткандардын кимдер экендигин эске алганда Бермет айым кашкайган чындыкты айтып жатканын тана албайсың. Атамбаев мамлекет башында турган алты жылында Кыргызстанда жок хансарайды Кой-Ташка салдырып, дагы бирин Мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясына куруп алган. Президенттик кызматка келгенге чейинки каржылык абалы менен андан кийинки каржылык абалы асман менен жердей болуп калганын жалпы эл дагы көрүп турат. Андыктан ал камалып калгандан кийин эле «Атамбаев байкуш, куугунтук жеп жатат» деп чыга калуу кантип мамлекеттин кызыкчылыгына туура келсин?

Эске сала кетсек, А. Атамбаев бийликтен кетип, коррупциялык иштери ачыкка чыга баштаганда, укук коргоо органдары суракка чакыруу жөнөтө баштаган кезде элди бөлүп-жаруу аракеттерине өткөн болчу. Алтургай «Кой-Таш элдик республикасы болот» деген да сөзү бар. Ал ар кандай троллдорду жалдап, элди түндүк-түштүккө бөлгөн трайбалисттик бузукулукту да жасаган. Анын мындай бузукулугу кайсы бир деңгээлде натыйжа да берип кеткенин Бермет айымдын пикири да далилдеп турат.

«Мен дагы бир нерсени айта кетейин, “эмнеге азыркы бийликти жек көрүп жатышат?” деп сурабадыңызбы, бул жерде регионалдык фактор роль ойноп жатат. Түндүктүктөр эмнегедир түштүктүктөргө каршы туруп, бөлүнүшөт. Тилекке каршы адамдардын аң сезиминде ушундай жапайы инстинкттер сакталып калыптыр. Бул дайыма көрүнүп турат. Бул адилетсиздик деп ойлойм мен. Жөн эле “мына түштүктүктөр бийликти басып алды” деп айтып, ал үчүн аларды жек көрүү – бул өтө жаман көрүнүш. Бизде ушундай инстинкттердин калганы да жаман көрүнүш, мен муну түндүктүн кызы катары айтып жатам, – дейт Бермет Букашева.

Демек, Атамбаев камакка алынбаганда анын элди бөлүп-жарган бузукулугу мындан да күч алып кетиши мүмкүн эле. Эми атамбаевчилер акыл-эстерине келип, «кожоюнунун» өз элине жасаган чыккынчылыгын, бир карын майды чириткен кумалактыгын таанып-түшүнүшүп, аны орунсуз колдоодон баш тартуулары керек. Биз бир бүтүн эл экенибизди, мамлекетибиздин бүтүндүгү баарынан маанилүү экендигин билишибиз зарыл.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *