Бермет БУКАШЕВА, коомдук ишмер: “Улутубуз коркунучта турганда кайдагы шайлоо?”

Мезгил

Бермет айым, сырттагы абалды көрүп жатасыз да. Күн сайын элибиз кырылып жатат. Мындай апаатта аттуу-баштуу инсандар биригип, бийликке кайрылуу кылсаңыздар болот беле?

–Кайрылуу жасагандын пайдасы болбой калды го? Азыркыдай абалда бийликти кетириш да оңой эмес. Аттуу-баштуу кишилер деле ооруп жатышат. Алдары жок. Мындай шартта жаштар «кризисное правительство» – деген нерсени куруш керек Тилек Токтогазиев, Жанар Акаев жана да башка таза адамдар.

–Парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча коомдук пикирлерге карата оюңуз кандай?

–Жылдырыш керек албетте. Улутубуз коркунучта, элибиз күн сайын жарык дүйнө менен кош айтышып жатышат. Анан кайдагы шайлоо? Коңшу Казакстанда мектептердеги окууну токтотушту. Бул абал Кыргызстанды дагы бир төңкөрүшкө алып келет. Мен бийликтегилерге ушунчаңарда жакшына болуп кетип калгыла дээр элем.

–Макул, бийликтегилер кетти дейли. Ким келет анан? Кимге ишенебиз?

–Бул эми техникалык оор суроо. Механизмдерин ойлонуш керек. Бир гана идеальный вариант шайлоо аркылуу болуш керек. Болгондо да таза шайлоо аркылуу…

Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *