Бийлибаев: “Мен партиямды келечекте чоң бизнесеке айлантам», – дегени да бекер эмес

Мезгил

Комерциялык банкатардын максаты эмнеде?

2014-жылы республиканын акча алмаштыруу жайларын жоюу жөнүндө сөз болуп, бирок комерциялык банктардын ойлору ишке ашпай калганын коомчулуктун эсинен ушу кезге чейин чыга элек. Учурда Кыргызстандын аймагында бир канча комерциялык банктар бар болгону менен алардын ээлери көбүнчө чет элдиктер. Акциялардын көпчүлүгүнө да ошолор ээлик кылышат. Болгону банктардын кеңселери Кыргызстандын чоң шаарларында башкарылып, филиалдары болсо областык райондук аймактарда жайгашкан. Бул комерциялык банктар республика ичинде акчага муктаж адамдарга жогорку пайыздагы акча беришип, өзүлөрүнөн биротоло кетпес карыз кардарларына айлантып алышкан. Жыйынтыгында, кардарларынын эсебинен ушу күндө өзүлөрүнүн эсепсиз казыналарын байытууда. Бул боюнча 2014-2015-жылдар аралыгынан тарта республиканын көпчүлүк жерлеринде каршылык акциялары жүрүп, бир канча митингдер болуп келди. Баари бир булардын мурдуларын балта кеспей, нааразы болгондордун сөздөрү эч жака өткөн жок, карыз, карыз.

Комерциялык банктардын башында кимдер турат? – дегенде, албетте тыйындуу олигархтарга барып такалат. Азыркы дүйнөдө болуп жаткан жана күтүлүп жаткан экономикалык кризисти шылтоолошуп, өзүлөрүнө таандык кызматтарды өкмөт менен парламенттеги кызыктар адамдарын шыкакташып жаткандары айтпаса да түшүнүктүү.

«Темирди кызуу кезинде чап» дегендей, бул олигархтар азыркы учурда өкмөт менен парламенттин чабалдыганан пайдаланып, жер-жерлердеги акча алмаштыруу жайларын жоюп, бүтүндөй акча алмаштырууну Улуттук банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө өзүлөрүнүн көмөчүнө күл тартып жатканы билинүүдө.

Анын таттуу даамын, коронавирустун карантин мезгилинде даана сезишти. Учурдан пайдаланбасак болбойт дештиби, айтор эмнеси болсо да көрөлү деп тобоокелге сала чындап киришүүдө. Азыркы мезгилде олигархдар шапалактарын туш тарапка чапкылап, акча алмаштыруу жайларды өз колдоруна алуу кербездерин чертип жаткан учуру. «Шамал болбосо, чөптүн башы кайдан кыймылдамак» демекчи, бул алдын ала сүйлөшүлүп, пландалган нерсе экени аштан бышык. Анткени, 2015-жылдан бери парламентке жана бийлик башына келишкен олигархтардын заказы деп эл түшүнүүдө.

 Коомчулукка билгилүү болгондой, саясий бир партиянын лидери: «Мен партиямды келечекте чоң бизнесеке айлантам», – дегени да бекер эмес. Комерциялык банктардын да келечеги бара-бара бир чоң банктык монополиялык бизнеске айлана тургандай. Шайлоо учурунда пайыздуу тыйындарды кай жактан ала коюунун оңой жолдору, ушул монополиялык бизнесте экенин билип, баамдап коюшкан.

 Олигарх – комерсанттар ич күптүлүктүн айынан саясий компанияларда бири-бирине эч убакта карызга акча берише койбойт. Ал эми чөнтөгү тайыз талапкерлер шайлоо учурунда пайызсыз тыйында кимден, кантип, кай жерден алат? Айла жок комерциялык банкатарга үстөктүү пайыз менен алуу үчүн карызга батышары турган иш. Акчасы жоктор биротоло бийликтен да, парламенттик шайлоодон да четтеп калат. Ошондуктан астын ала жер тыңшаар Мамыттай болгон олигархтар, небак эле бул пайдалуу жактын тамырларын тартып коюшкан.

 Учурдун татаал мезгилинде ойлогон ойлорубузду тымызын ишке ашырып алсак дешкенде, эки көзү төрт. Ушу кезде күн-түн дебей жан үрөп чапкылашып, жолугушуууларды өткөрүшүп жүрүшөт. Көпчүлүктү көзү көрөгөч экен, көрүп, билип жатышат. Жер-жерлердеги элдердин кызматтарын аркалаган акча алмаштыруу жайлары кантет?

 Турмуштун зарылдыгынан шашкан адам, 500 дөн, 1000-7000 сом же теңге, рубль, сумдарын алмаштырат элек деп, очередди комерциялык банктарга чуркап, кезекке турушабы, же банкатардан тааныштан-тааныш издеп бушайман болушабы? Буга чейин калыптанып калган акча алмаштыруучу жайлардын жумушчулары кантет, жумушсуз калабы? Жеке чакан ишканаларды ачкандын ордуна тескерисинче жаап, тумчуктуруп жатса, элдердин жашоо-турмушу кантип оңолот деген суроо туулбай койбойт. Балким элдин мүдөөсүн ойлогон, эл шайлаган депутаттардын арасынан кызматка келген акылы жетик, элинин абалын терең калчаган өкмөт төбөлдөрү бардыр. Буга эл депутаттары эмне дешээр экен?

Автор: К. Бийлибаев

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *