Бийликке жетпей калышса эле революция болот деп коркутууга өтүшөбү?

Мезгил

“ЭрК” партиясынын лидери, экс-депутат, ажы Турсунбай Бакир уулу менен аталган партиянын лидеринин орун басары Айдар Халиков маалымат жыйынын өткөрүштү.

Анда алар Конституция боюнча референдум өткөрүү зарыл экендиги, 1999-жылдагы Баткен согушу жөнүндө болгон чындык, келээрки жылы өтө турган шайлоо жөнүндө кеп куруп беришти.

Айдар Халилов баштаганда эле журналисттерге ырахматын айтып, анан азыркы парламент жана келе жаткан парламенттик шайлоо жөнүндө, андагы 9 пайыздык тосмону, 150 миң доллар күрөөгө коюлган акчаны алып салууну БШКдан талап кылып, сунуштарын айтып өттү. Аны менен катар парламенттик шайлоодо элге бийлик шарт түзүп бербесе, үчүнчү революция болоорун билдирди.

Өткөндө Борончу деген куудул артынан бир топ жаңы жүздөрдү эрчитип алып, маалымат жыйынын өткөргөн. Анан кечинде 5-каналга барып, “Эгерде бийлик шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, 9%дык босогону ылдыйлатпаса эл көтөрүлөт, үчүнчү революция болот” деп жатпайбы, оозу-мурду кыйшайбай. Эми Турсунбай ажы сүрөгөн “ЭрК” партиясынын эрени, ушинитип жатат.

Айланайындар, кыз боозуп алып энесин коркутат деген ушулар окшойт. Үчүнчү революцияны оозанбай, мамлекеттин тынчтыгын ойлогон киши барбы? Же буларга атың өчкүр бийлик эле керекпи? Эгерде бийликке жетпей калсак, депутат болбой калсак төңкөрүш жасоого даярбыз деген күчтөр бизде тымызын уюмдашып жатат окшойт?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *