Билим берүү министри мектептерде ата-энелерден акча чогултууга тыюу салуу үчүн буйрук чыгарды

  Мезгил

Кыргызстан мектептеринде ата-энелерден акча чогултууга бөгөт кое турган кезектеги буйрук чыгарылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринен билдиришти.

Маалым болгондой, тийиштүү документке  Билим берүү министри Каныбек Исаков кол койду.

  Буйрукта маданий-массалык жана башка иш-чараларга да мыйзамсыз акча-каражаттарын педагогдордун талап кылбоо керектиги жазылган. Мындан сырткары камкорчулар кеңештеринин жана ата-энелер комитеттеринин каржы маселелерине педагогикалык жамааттын жана административдик кызматкерлердин катышуусуна тыюу салынды.

Ошондой эле мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга жол бербөө максатында жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин, жетекчилеринин, окуучулардын ата-энелеринин жана аларды алмаштыруучу адамдардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мыйзамсыз акча чогултуудагы суроолор боюнча “ыкчам байланыш” телефон линияларын жана “ишеним үкөктөрүн” уюштуруу тапшырылды.

Бул буйруктун аткарылышы жалпы билим берүү уюмдарынын ар бир педагогуна жекече кол койдуруу менен жеткирилүүгө тийиш.

Эгерде жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери же педагогдору тарабынан мыйзамсыз каражат топтооо же окуучуларга алардын ата-энелерине моралдык-психологиялык басым көрсөтүлгөн факт аныкталса, тартиптик жаза чараларын көрүү менен кызмат орундарынан бошотуу жазасы колдонулат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *