Билим берүү министрлиги жараксыз китептерге 32 миллион 749 миң сом сарптаган

  Мезгил

Билим берүү министрлиги жараксыз китептерди чыгарып, 33 миллион сом чыгым келтирди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.  

   Маалым болгондой, Дүйнөлүк банк «Билим берүү тармагындагы реформаларды колдоо» долбоорунун алкагында насыя жана грант катары жалпы суммасы 16,5 миллон доллар бөлүп берген.

Башкы көзөмөлдөөчү органдан такташкандай, жалпысынан жараксыз болуп калган китептерди басып чыгарууга мыйзамсыз түрдө 32 миллион 749 миң сом корогон.

Бул фактылар Бирдиктүү кылмыш реестрине катталып, тергөө жүрүүдө.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *