Бүгүн «Бир Бол» фракциясы Тилек Токтогазиевдин Айыл чарба министрине талапкерлигин карайт

  Мезгил

Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясы бүгүн жеке ишкер Тилек Токтогазиевдин Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министринин кызматына талапкерлигин  карайт. Бул тууралуу  аталган фракциядан билдиришти. 

 Маалым болгондой,  фракция лидери Алтынбек Сулайманов чет өлкөдөгү сапарынан келген. Ошондуктан, бул маселе бүгүн фракция жыйынына коюлат.

Эске сала кетсек, «Жашыл чарба» агрохолдингинин негиздөөчүсү, 28 жаштагы фермер Тилек Токтогазиев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу айыл чарба министринин кызматына даяр экенин билдирип, өзүн-өзү талапкерликке көрсөткөн.

«Бир Бол» фракциясы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин сунуштаарын чет өлкөдө сапарда жүргөн фракция лидери Алтынбек Сулайманов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирген.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *