“Бир Бол” саясий партиясы жаңыланды. Алар кимдер?

    Мезгил

“Бир Бол” саясий партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов саясий кеңештин курамы жаңыланганын билдирди.

“Коомчулуктун талабын аткаруу ар бир партия лидеринин милдети деп эсептейм. Коом бүгүн тазаланууну талап кылып турат. Биздин партиянын курамы жаңыланды. Катарыбыз демилгелүү жаштар жана жаратман команда менен толукталды. Алар эл арасынан суурулуп чыккан, өз ишин мыкты билген адистер деп ишенимдүү айта алам. Жаңы курамда экономика, медицина, билим берүү, айыл чарба, маданият ж.б. тармактар боюнча эл аралык тажрыйбасы мол лидерлер бар. Мамлекетибиздин алдындагы жоопкерчиликтүү милдеттерди моюнга алуу менен, прогрессивдүү идеяларды иш жүзүнө ашырууга даярбыз”, — деди Алтынбек Сулайманов.

“Мекендештерибиздин талабына ылайык, өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн таза көз караштагы күчтүү команда керек. Сөздөн ишке өтө турган учур келди”, — дейт ал. 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *