Бирөө кечерге суу таппай жүрсө, бирөө ичерге суу таппай жүрөт, же эки жаат болгон ата-энелер

  Мезгил

Балдарын мектепке берген ата-энелер эки жаат болуп турат. Бир тарабы балдарды октуу үчүн кошумча акча чогултууга каршы чыкса, экинчи тарабы акча чогултуу мыйзамдуу, мектепке жардам беришибиз керек деген пикирде.

Эки жаат болгондор “акча төлөбөчүлөр” Ак үйдүн алдына митинге чыгышса, “жыйнай беребиз” дегендер Бишкек мэриясына барышты. Бул арада мэриянын билим берүү башкармалыгы оозду ачырган маалыматтарды таратты. Бишкекте 107 мектеп жана 38 балдар бакчасы бар. Мектептерде ата-энелер 107 миллион 265 миң сом, балдар бакчасында 38 миллион 550 сом жыйнашкан. Жалпысынан 145 миллион 815 миң сом 8 айда мыйзамдуу эле чогултулган. Ай сайын орточо кошумча акы 50 сомдон 600 сомго чейинки көрсөткүчтү түзгөн.

Ата-энелер тарабынан фондго чогултулган каражаттар кызматкерлерге кошумча акы төлөөгө жумшалган. Бул үчүн мектептерде 59 миллион 847 миң сом, балдар-бакчасында19 миллион 222 миң сом жумшалган. Жалпысынан 79 миллион 107 миң сом Бишкек шаарынын мектеп жана балдар бакчаларынын кызматкерлери үчүн ата-энелердин чонтөгүнөн сарпталган. Ошол эле кезде билим берүү мекемелеринин өнүгүшүнө 22 миллион 447 миң сом сарпталган. Мэрияда болгон жыйында шаардык ата-энелер кеңешинин төрагасы Ислам Юсупов “Мектептердеги ата-энелер фонду мыйзамдуу түрдө иштеп келет” деп оозу Ошту карабай туруп сүйлөдү.

Ата-энелердин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын мындай билдирүүсүн жана мэриянын билим берүү башкармалыгынын жогорудагы миллиондорду чапчыган, оозду ачырган маалыматтарын угуп олтуруп түңүлүп да кетет экенсиң. Бирөө кечерге суу таппай жүрсө, бирөө ичерге суу таппай жүрөт дегендей ушинтип бала окуткан ата-энелер эки жээке бөлүнүп турат. Бул жерден жаңы келген Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков эрктүүлүгүн көрсөтүп, мектептердеги кошумча акча чогултууну, фонд деген балекети менен кошо, биротоло жоюп салбаса, баягы эле таз кейпибизди кийип калат окшойбуз.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *