Бир кезде Атамбаевдин артынан калбай ээрчип жүргөн Кубат Оторбаев неге “Апрелди” эфирге чыгарбай жатат?

   Мезгил

Сакмалчы, анан журналист болуп жүрүп Атамбаевдин арты менен КТРКга жеткечи, кийин Акыйкатчы болууга жетишкен Кубат Оторбаев эми Атамбаевдин тобуна каршы чыгып жатат. Тагыраагы Оторбаев «Цифровые технологии» ЖЧКсынын жетекчиси экен. Бул ЖЧК аркылуу “Апрель” телеканалынын берүүлөрү эфирге чыгып турган. Кечөө бул канал аттын башындай болгон арманын айтып, бизге эфир бербей жатат деп кайрылуу жасаган. Кайрылууга Кубат Оторбаев биз күнөөлүү эмеспиз, аскер прокуратурасы күнөөлүү, алар тьюу салышкан деп кол куушурду.

Демек Кубат Оторбаев бир кезде босогосунда жүргөн “шефи” Атамбаевге ким элең дегендей мамиле жасап калганбы? Же Шакинин “Аюсуна” орун басар болгону эски сыйды унутуп калдыбы?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *