Бир кездеги Башкы прокурор, акырын сүйлөп катуу айткан депутат Мыктыбек Абдылдаев 66 жашка толду

   Мезгил

Жогорку Кеңештин депутаты Абылдаев Мыктыбек Юсупович бүгүн 17-августта 66 жашка толду. Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңештин көзгө басаар депутаттардын катарын толуктайт. Ал суроону кабыргасынан коюп, акырын сүйлөп катуу айтып коомчулуктун алкоосуна арзып келет. Анда бир кездеги Башкы прокурор учурдагы депутат Мыктыбек Юсуповичтин буга чейинки басып өткөн жолун сунуштайбыз.

Аты-жөнү: Абылдаев Мыктыбек Юсупович

Туулган жылы: 1953-жыл 17-август.

Туулган жери: Чүй дубаны, Аламүдүн аймагы, Кара-Жыгач айылы 

Билими: Жогорку

-1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин,

-1989-жылы Москва шаарындагы СССР ИИМ башкаруу академиясын бүтүргөн.

Эмгек жолу:

-Эмгек жолун 1970-жылы Фрунзе шаарындагы Ленин атындагы заводдун токарлыгынан баштаган.

-1971-1976-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин студенти;

-1976–1981-жылдары – Фрунзедеги Советтик соода техникумунун комсомол комитетинин катчысы, Кыргызстан ЛКЖС БКнын методисти, инструктору, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы;

-1982–1983-жылдары – Кыргызстан комсомолунун Ысык-Көл обкомунун катчысы;

-1983-жылдын декабрынан 1986-жылдын августуна чейин – Ысык-Көл облаткомдун ИИБ саясий бөлүмүнүн начальниги;

-1986-жылдын августунан 1989-жылга чейин СССР ИИМ Башкаруу академиясында (күндүзгү бөлүмүндө) окуган;

-1989-жылы Ысык-Көл облустук ИИБ начальнигинин орун басарлыгына дайындалган; 

-1990-жылдын февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин депутаттыгына шайланып, парламенттин туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

-1991-жылдын ноябрынан тартып 1994-жылдын ноябрына чейин – Ысык-Көл областынын ИИБ начальниги;

-1994-жылдын ноябрынан тартып 2001-жылдын январына чейин  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, биринчи орун басары;

-2001-жылдын февралында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарлыгына жана ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорлугуна дайындалган.

-2002-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы;

-2002–2005-жылдары – Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору:

-2005-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин милдетин аткаруучу;

-2006-жылдын майынан 2007-жылдын майына чейин – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси;

-2010-жылдын октябрында V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин мүчөсү;

-2012-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарлыгына шайланган.

-Ал эми 2012-жылдын сентябрында парламенттик азчылык коалициясынын лидерлигине шайланган. Ошол эле жылдын октябрынан 2013-жылдын июнь айына чейин «Ата-Журт» парламенттик фракциясынын лидери болуп турган.

Юридика илимдеринин кандидаты. Милициянын генерал-лейтенанты. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи. Мамлекеттик кызматтын I класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Сыйлыктары

-I даражадагы «Аскердик кызматы үчүн» медалы, КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын «Содружество» ордени менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *