Бир сутка ичинде пневмониядан 29 коронавирустан 7 бейтап каза болду

Мезгил

Бир сутка ичинде пневмониядан 29 коронавирустан 7 бейтап каза болду. Бул тууралуу бүгүн онлайн маалымат коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Алардын ичинен 19 бейтап Бишкек шаарында. Калганы башка аймактардан.

Март айынан бери пневмониядан жалпы 224 адам көз жумду.  

 Коронавирустан каза болгон бейтаптар:

Кыргыз-Түрк достук ооруканасында 85 жаштагы эркек киши;

Ош облустар аралык ооруканасында 79 жаштагы эркек адам менен 62 жаштагы медкызматкер;

Ысык-Көл облустук ооруканасында 61 жаштагы эркек киши (врач педиатр);

Жалал-Абад облустук ооруканасында 58 жаштагы эркек адам;

Жайыл аймактык ооруканасында 57 жаштагы эркек киши;

Кыргызстанда коронавирус аныкталгандан кийин жалпы 99 адам каза болду.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *