Бир суткада 665 адам коронавирус жана пневмониядан айыкты

    Мезгил

Кыргызстанда дагы 665 адам коронавирус жана пневмониядан айыкты. Бул тууралуу онлайн маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 142 киши, Ош шаарында – 83, Чүй облусунда – 51, Ош облусунда – 84, Талас облусунда – 40, Нарын облусунда – 19, Ысык-Көл облусунда – 91, Жалал-Абад облусунда – 89, Баткен облусунда 66 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 30 миң 764кө жетти.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *