Бирдиктүү салык декларациясын тапшырбагандар үчүн 2 миң 410 протокол түзүлдү

 Мезгил

Республиканын салык органдары 2019-жылдын 2-майына карата Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык «Бузуулардын бирдиктүү реестрине» жалпы 10,8 миллион сом суммасында салык төлөөчүлөрдүн 7 миң 766 мыйзам бузууларын каттады. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, мыйзам бузуулардын ичинен салык салуудан качкандыгы жана бухгалтердик эсепти бурмалагандыгы үчүн 4,6 миллион сомго 703 протокол, Бирдиктүү салык декларациясын бербегендиги жана салык төлөбөгөндүгү үчүн 3,8 миллион сомго 2 миң 410 протокол түзүлгөн.

Ошондой эле социалдык камсыздандырууга байланыштуу документтерди жана төлөмдөрдү белгиленген мөөнөттө бербегендиги үчүн 246 миң сомго 150 протокол, социалдык камсыздандыруу органдарына катталбастан, экономикалык иштерди жүргүзгөндүгү үчүн 185 миң сомго 185 протокол түзүлдү.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *