Штаб башчы Алмаз Баатырбеков сакайып, жумушка чыкты

 Мезгил

 Буга чейин биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбековдун көптүн бири катары дартка чалдыгып, ооруп калганын жазган элек. Учурда каарманыбыздын абалы жакшы, бүгүнтөн тарта ишке киришкени маалым болду. Эми Баатырбековдун артынан да дартка чалдыгышкан мамкызматкерлердин баарысы айыгып, түгөлү менен ишке чыгып кетишине тилектешпиз.

Күрсүлдөп турган чагында ооруну жеңген Алмаке эми тез арада штабдын ишин жолго салып, бел чечпей иштөө менен абалды жөнгө салууга батыл киришет деген ишеничтебиз. Элдин түйшүгүн колго алган жетекчилердин жоопкерчилиги чоң эмеспи. Мындай Баатырбеков өзү да сезип, чечкиндүүлүк менен иш алып барып кетсе деген эле тилек. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *