Бишкек: Күндүзгү стационарларда дарыланган бейтаптар вирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылууда

Мезгил

Бишкектеги күндүзгү стационарларда дарыланган бейтаптар вирустан айыга баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан  билдиришти. 

Маалым болгондой, спорт ордосунда жайгашкан күндүзгү стационарда дарыланып айыккан бейтаптар үйлөрүнө узатылды. Алар тийиштүү медициналык жардам алышты. Бир жуманын аралыгында күндүзгү стационарлар 11 миңден ашык адамды кабыл алышты.

Эске салсак, ордо калаада учурда тогуз стационар иштеп жатат. Ар биринде ординатор, медайым, санитар жана ыктыярчылар нөөмөттө турушат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *