Бишкек: Автобустар ишке чыкканда анын ичине санитайзер коюлуп, 70 пайыз гана жүргүнчү салынат

Мезгил

Коомдук транспортто жүрүү эрежеси иштелип чыкты. 

Бишкекте 11-майдан тартып ишке кирүүчү муниципалдык коомдук транспорттун айдоочулары, салонго отургучтардын 70 пайызына гана жүргүнчү салууга тийиш. Ар бир каттамдан кийин салонду дезинфекциялап, унаанын ичин желдетип туруу зарыл.

Салонго кире беришке санитайзер коюлушу керек. Ал эми жүргүнчүлөр коомдук унаага беткапсыз түшүүгө тыюу салынат жана бири-биринен алыс, салондо шахмат тартибинде орун алууга милдеттүү.

Белгилей кетсек, өлкөдө карантин 11-майга чейин жарыяланган. Бул күндөн  тарта коомдук транспорттор тагыраагы автобус, троллейбустар каттамга чыгышат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *