Бишкек: Коронавирус жуктурган адам таксист болгон

   Мезгил

Бишкек шаарында 25 адамдан коронавирус  аныкталды. Бул тууралуу  бүгүн онлайн маалымат жыйында мэр Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында, таксист болуп иштеген адам коронавирус жуктуруп алганын билбестен  үй-бүлөсүндөгү 6 адамга да оору жуктурган.

Коронавирус аялына, кызына, күйөө баласына, 2 уулуна жана небересине жуккан. Башка үй-бүлөдө 1 адам жакын 4 тууганына вирус жугузган.  

Бишкек шаарындагы 25 бейтап менен жакын байланышта болгон 66 адам (үй-бүлө мүчөлөрү), экинчи категориядагы 204 адам (кесиптештер, тааныштар) бар.

Бүгүнкү күндө 1 миң 500 жаран катталып, алардан анализ алынды. Дагы бир жолку текшерүүдөн кийин анализдери таза чыкса каттоодон алынат”, – деди шаар мэри.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *