Бишкек мэриясы 1 автобуска 9 айга 1 миллион сом коротобу?

    Мезгил

Бишкектин ылдый жагында Озёрное деген айылдын тушунда шаарга караган Мурас-Ордо деген айыл бар. Ошол айылдын 300 окуучусун, мугалимдерин кошо Бишкетин айланма жолунун четинде жайгашкан Калыс-Ордо конушуна 3 автобус менен ташып келип окутушат. Калыс-Ордодо учурда абакта олтурган 2 мэр ЖЭБдин акчасына курдурган жаңы мектеп бар. Ал эми окуучулар мурда Аскер бөлүгүнүнө тишелүү болгон имаратта окуп келишкен. Мурас ордодон келген окуучулар мына ошол эски мектепте билим алып жатышат.

Бишкек мэриясы Тулеевдики делген 3 чакан автобус менен 300 окуучуну ташып келүүгө бир жылга 3,1 миллион сом коротот экен. Мурас-Ордодо мектеп жок болгондуктан 2016-жылдан бери ал жерде жашаган окуучулар ар кайсыл мектептерге ташылып келинет. Албетте окуучуларды чатырда же контейнерде окутканга карганда бул жакшы жөрөлгө деңизчи. Бирок ар бир автобус үчүн күнүнө 3-4 миңден, айына 100 миң, 9 айга 1 миллион сарпталганы туурабы? Окуучуларды ташып жатабыз деген мэрия 1 жылда 3 миллионду асманга сапырып олтурса, 2016-жылдан бери 9 миллиондун тегерегинде сарптаган болуп калабы? Мурас-Ордолук окуучуларды 10 жыл автобус менен ташыган акчага Бишкек мэриясы 1 мектеп кура турган акчаны сарпташабы ошондо?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *