Бишкек мэриясы партияларга съезддерде 100дөн ашык адам чогултпоого чакырды

   Мезгил

   Бишкек мэриясы партияларга ордо калаа аймагында съезддерин өткөрүүгө уруксат берди.

 Анткен менен саясий уюмдар санитардык нормаларды сакташы керек. Алсак, бир эле учурда 100дөн ашык адамды чогултуу болбойт.

Съезддер өтө турган имараттын кире беришинде адамдардын дене табы өлчөнүп, санитайзерлер коюлушу шарт. Адамдар бири биринен 2 метр аралыкты сактоо менен жана беткапчан отурушу керек.

Эске салсак, Жогорку Кеңешке шайлоолор 4-октябрда өтөт.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *