Бишкек мэриясы жылуулук качан берилээрин айтты

   Мезгил

Бишкекте жылуулук жакынкы аралыкта берилет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиршти.

Маалым болгондой,  ордо калаа  мэриясы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча штабдын жыйынын өткөрүп, жакынкы күндөрдө жылуулук берүү иштерин баштоого даярданып жатат.

Кыргызгидрометтин эскертүүсү боюнча, 28-октябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ал эми Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаабайт.

29-30-октябрь күндөрү тоолуу райондордо жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрден, айрым райондордо 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Эске салсак, былтыр Бишкекте жылуулук 18-октябрда берилген.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *