Бишкек – Ош – Бишкек аба каттамы ишин жандантты

   Мезгил

Бишкек – Ош – Бишкек аба каттамы ишин жандантты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган каттам боюнча бүгүн, алгачкы 208 жүргүнчү тейленди.

Иштелип чыккан алгоритмге ылайык, бардык жарандар аба майданга кирерде автоматташтырылган термометриядан жана дезинфекциялоочу тоннелдерден өтөт.

Ошондой эле учуу имараттарында социалдык аралыкты сактоо боюнча белгилер бар. Жүргүнчүлөр билеттерди сатып алуу үчүн авиакомпанияларга бир күн мурда кайрылышы зарыл.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *