Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгы 4 кишинин өмүрүн алды

 Мезгил

Бишкек-Ош унаа жолунда ири жол кырсыгы 4 кишинин өмүрүн алды,. Ошондой эле  11 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, авария трассанын 163-чакырымында катталып, анда “Мерседес спринтер” менен “Хонда Степ” кагылышты.

Соккунун натыйжасында ошол жерден кичинекей бала жана  3 аял жан берди. Ар кандай жараат алган 11 адам ооруканага жаткырылды. Кырсыктын чоо-жайы такталууда.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *