Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарында өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылды

Мезгил

Эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү узартылат. Бул тууралуу  президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында билдирди.

Мындай чечим биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун азыркы кырдаал тууралуу баяндамаларынан кийин кабыл алынды.

Алар Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ат-Башы районунда 2020-жылдын 10-май күнүнө чейин өзгөчө абалды узартуу максатка ылайык экендигин белгилешти.

Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.

«Өкмөт, бардык мамлекеттик органдар, Коопсуздук кеңеши тарабынан сунушталган тийиштүү антикризистик иш-чараларды улантуусу зарыл. Планга өзгөртүүлөрдү киргизгенде, комендатуралардын, жергиликтүү бийликтин  бизнеске жеңилдиктерди берүүгө тиешелүү  сунуштарын, ой-пикирлерин эске алуу керек», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *