Бишкек-Ош жолундагы жол кырсыгынан 6 адам жаракат алды

Мезгил

 Бишкек-Ош жолунда 2 унаа сүзүшүп,  6 адам жаракат алды. Бул тууралуу  ӨКМнын басма сөз кызматы нан  билдиришти. Маалым болгондой, окуя кечээ 17-февралда  катталган.

17-февраль күнү саат 05:15 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 162-чакырымында Мерседес-Бенц-Спринтер үлгүсүндөгү унаа жолдун четинде токтоп турган Мерседес-Бенц-Гигант үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны артынан келип сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 6 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. ӨКМнын куткаруучулары жерине барып, унаанын ичинде кыпчылып калган 2 адамды чыгарышкан. Жабыркагандар “Тез жардам” кызматы менен Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *