Бишкек шаардык соту Сапар Исаковду камакта калтырды

Мезгил

Бишкек шаардык соту   Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын карап, Биринчи Май райондук сотунун тергөө аяктаганга чейин камакта калтыруу өкүмүн өзгөрткөн жок.

Бүгүнкү сот отурумуна журналисттер дагы киргизилди. Сотто адвокаттардын бири Учкун Каримов тергөө учурунда Сапар Исаков бардык документтерди — ID карта, жалпы жарандык паспортун жана дипломатиялык паспортун тийиштүү органдарга тапшырып бергенин айтып, бул документтери жок чет жакка чыга албай турганын белгиледи.

Жактоочу ошондой эле ал бардык сурактарга өз убагында келип, тергөөнүн тартибин бузбаганын айтты.

Каримов буга чейинки инстанциялар коррупцияга каршы күрөшүү кызматтын бир барак рапортуна таянуу менен Сапар Исаковду үй камагына чыгаруудан баш тартканын белгиледи. Ал андан сырткары, эгер Исаковду үй камагына, мамлекеттен чыгып кетпөө тил каты менен жана күрөө менен баш коргоо чарасын өзгөртсө тергөөнүн жүрүшүнө таасир бербей турганын айтты.

Белгилей кетсек, Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айып коюлган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *