Бишкек шаарына автобус сатып алууга 658 миллион сом каралууда

Мезгил

Бишкек шаарына автобус жеткирүүгө жарыяланган тендердин жеңүүчүсү аныкталды. Бул тууралуу ордо калаа мэриясынан билдиришти. 

 Маалым болгондой,  жеңүүчү компания кытайлык «Zhengzhou Yutong bus Co., Ltd.» ишканасы болгон.

Тендерге жалпы үч компания катышкан. 8-июлда тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн отуруму болуп, анда жеңүүчү аныкталган — кытай компаниясы 100 автобус үчүн 657 миллион 977 миң 785 сом сунуш кылган.

 Автобустар 2020-жылы чыгып, өзүнө 70 жүргүнчүнү батыра алат. Анда ошондой эле электрондук билеттештирүүнү жүргүзүүгө валидаторлор орнотулат.  

Белгилеп кетсек, жеңүүчү аталган компания былтыр дагы ордо калаага газ менен жүрчү 60 автобусту жеткирип берген.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *