Бишкекте бала бакчада иштеген алты кызматкерден коронавирус аныкталды

 Мезгил

  Бишкек шаарында бала бакчада иштеген алты кызматкерден коронавирус табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, массалык скрининг жүргүзүүнүн натыйжасында бала бакчаларда иштеген алты адамдан коронавирус табылды.

Белгилей кетсек,  Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү мекемелерине 5-июндан тарта иштөөгө  уруксат берилген. Бирок мамлекеттик жана менчик бала бакчалардын тарбиячылары толугу менен COVID-19га анализ тапшырышы керек.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *