Бишкек шаарында бейтаптар үчүн убактылуу 4 стационар ачылат (дареги)

    Мезгил

Бишкек шаарында курч респиратордук вирустук инфекция жана пневмониянын жеңил жана орто формасы менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн атайын 4 борбор ачылат. Бул тууралуу республикалык ыкчам штаб билдирди.

Маалым болгондой, бул борборлордо ошондой эле тамчылатма дары (капельниуа) дагы алса болот. Борборлор саатына 700 бейтапты тейлейт. Убактылуу стационарлар борбор калаанын төрт районунда ачылат.

1. Ленин району – «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси;

2. Биринчи май району – Спорт сарайы;

3. Свердлов району – Р.Санатбаев атындагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси;

4. Октябрь району – чиркөөнүн жанындагы наабайкананын имараты (магистраль боюнча).

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *