Бишкек шаарында эркек адам тарабынан бычак сайылган аял каза болду

   Мезгил

Бишкек шаарында эркек адам тарабынан бычак сайылган аял кечээ, 18-июнда кечинде ооруканада каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан  билдиришти. 

 Маалым болгондой, маркум аялга болжол менен 3 жолу бычак сайылган. Ал жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, комага түшкөн болчу. Дарыгерлердин аракетине карабай, ал ооруканада каза болду. 

 Эске салсак, 17-июнда саат 19:00 чамасында борбордун батыш бөлүгүндө белгисиз адам аял кишиге кол салган. Болжолдуу маалымат боюнча, ал сүйүктүүсүн кызганып, көчөдө жаңжал чыгарган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *