Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери камакта калтырылды

  Мезгил

Бүгүн, 20-майда Бишкек шаардык соту  Бишкек шаарынын экс-мэрлери  Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды.

Белгилей кетсек, буга чейин Ленин райондук соту Кулматов менен Ибраимовду УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган болчу.

Сот отурумунда жактоочу Сергей Слесарев ишти карап жаткан Ленин райондук сотунун судьялары мыйзам бузганын айтты.

  Анын айтымында, айыпталуучулар 1 айдан ашык убакыттан бери мыйзамсыз камакта жатат. Буга байланыштуу жактоочу Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовду камакка алуу тууралуу баш коргоо чарасын жокко чыгаруу боюнча өтүнүч кат берди.

 Эске салсак,   Кулматов   баш калаада мектеп салууга жумшалган 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган деп айыпталган.

Ал эми Ибраимовго ««Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *