Бишкек шаарынын мурдагы мэрлеринин камактагы мөөнөтү узартылды

   Мезгил

Бүгүн, 4-ноябрда Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук процесс уланды.  Судья айыпталуучуларды 6-январга чейин камакта калтыруу тууралуу чечим кабыл алынганын билдирди. 

Белгилей кетсек, буга чейин айыптоочулар мурунку мэрлердин баш коргоо чарасын карап чыгуу тууралуу билдирүү жасашкан. Прокурорлор кармоо мөөнөтүн узартууну, жактоочулар үй камагына чыгарууну суранышкан. 

 Эске салсак,   Кулматов   баш калаада мектеп салууга жумшалган 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган деп айыпталган.

Ал эми Ибраимовго ««Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

 

 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *