Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Замир каары Ракиев дайындалды

    Мезгил

Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Замир каары Ракиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка муфтий Максатбек Токтомушев кол койду. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.  

 Замир каары Ракиев 1978-жылдын 15-февралында Нарын облусунун Кочкор района караштуу Шамшы айылында төрөлгөн.

2007-2008-жылдары Чүй облусунун Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинде мугалим болуп иштеген;

2008-2010-жылдары Чүй облусунун Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинде директор болгон;

2010-2011-жылдары Нарын облусунун казысы;

2011-2016-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары;

2016-2017-жылдары Кыргызстан мусулмандар Дин башкармасынын окуу бөлүмүнүн башчысы;

2017-жылдын май айынан тарта муфтийдин орун басары болуп эмгектенип келген.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов оорудан улум июль айында каза болгон.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *